Самара Каримова Кимдерге экен?

Жүктөлгөн: 22-10-2013
03:06
43.46 Мб
Самара Каримова "Кимдерге экен?"
Сөзү : И.Сулаймановдуку
Обону : Б.Бадыкеевдики
Айлуу түн кимдерге экен, кимдерге экен?
А балким, ойносун деп бизге бекен?
Телмирип терезеңден карабастан,
Суу бойлоп келеличи келсеңчи эркем.

Булактын мөлтүр суусу кимдерге экен?
Булар да ичишет деп бизге бекен?
Сен барда башкалары көрбөсө деп,
Булактын шары менен бирге кетем.

Өмүрдүн аккан балы кимдерге экен?
Өздөрү ичишет деп бизге бекен?
Өтсө күн өмүр өтүп баратпайбы,
Өлбөскө бал ичели келсеңчи эркем.
Комментарийлер (11)
bosmos7
2013-10-22 13:06:12
Мыкты болуптур!
+3
bishkek.kg
2013-10-24 20:31:24
жакшы
0
bishkek.kg
2013-10-26 04:18:45
bishkek.kg,
0
alisa.ilias
2013-10-24 23:29:14
жакшы ыр болуптур мен муну таксырка экен дегем.
0
asko93
2013-10-25 17:59:47
Супер Инфо силер неге айтышты киргизбейсинер Айтыш деп да бир болум ачып койгулачы сураныч
+2
alim
2013-10-28 14:07:21
Эн сонун ыр болуптур. Самаранын уну да аябай уккулуктуу экен. Чоон рахмат сага. Бактылуу бол.
+3
Ema_nookat
2013-11-02 23:24:02
Азаматсын карындаш! Достор, бул бийкеч бойдокбу ким билет? Билгендер б.о айтып койгулачы. Алдын ала рахмат!
+2
Gul.08
2013-11-27 17:46:27
Ema_nookat, жок бойдок эмес, турмушка чыккан.....
0
Rustam25
2013-11-07 23:26:08
Турция, Анталия, Кемер,сонун жерлер!!!
+2
nurik838383
2013-12-02 18:23:06
мундай сулуулар бойдок болбой калдыгооо...
0
malik
2013-12-09 10:24:26
Samara menen facebookta dos bolup alyp gerdeiyp zhurom ozumcho!
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан