Өсөр Козуев Атама

Жүктөлгөн: 24-10-2013
02:53
36.21 Мб
Өсөр Козуев "Атама"
Сөзү : Өсөр Козуевдики
Обону : Өсөр Козуевдики

Эртеден кечке жумуштан кетпей,
Эл үчүн иштеп тамак да ичпей.
Калкымдын иши жылса деп алга,
Талыкпай ойлоп издедиң айла.

Ар бир ак чачың үзүрлүү эмгек,
Үзүрлүү эмгек жөн эле келбейт.
Унутуп үйдү берилип ишке,
Кайтасың үйгө дайыма кечте.

Атаке, сага амандык тилеп,
Жолуңду жолдоп балдарың келет.
Залкар ой-акыл максатың айткан,
Карааның бизге күч-кубат берет.

Сый-урмат көрүп, узакка жаша,
Тукумдан ызат көрүңүз эми.
Эмгегиң даңктап, кылганың айтып,
Ардактап жүрсүн айылдын эли.
Кадырлап жүрсүн кыргыздын эли,
Сыйлап бир жүрсүн айылдын эли.
Комментарийлер (6)
Rinatik94
2013-10-24 17:09:21
Эн сонун ыр.
+2
sher89
2013-10-24 18:42:24
Мага жагат ушул
+1
hanzada_samatova
2013-10-25 20:58:56
Менин эн жакшы коргон ырларымдын бири. Атаке сага амандык тилейм.
+3
bektashova_ayzada
2014-01-21 23:29:49
Эң мыкты ыр
+1
mts0001
2015-11-29 21:13:49
текстин кантип тапса болот
0
timurlan91
2017-03-10 00:37:23
Жакшы мыкты ыр азыркы ырчылар ушундай ырлардан ырдаса кана
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан