Аскат Мусабеков Сенин, менин издерим

Жүктөлгөн: 07-11-2013
03:43
47.6 Мб
Аскат Мусабеков "Сенин, менин издерим"
Сөзү : Дербишкан Ажиевдики
Обону : Дербишкан Ажиевдики
Көгүш кымкап жер жамынып көктөмдө,
Көктөм булут мөлтүр жашын төккөндө.
Мен атайлап бир кайрылдым кечээрээк
Биз жашынмак ойноп жүрчү өстөнгө.

Эске албай элеп жамгыр төккөнүн,
Жар боорунан жаркын гүлдөр издедим.
Алар да жок, бирок эсте калыптыр,
Чуркап өткөн сенин, менин издерим.

Көрчү-көрчү, кыял, чиркин, шашканын,
Көзгө элестейт беш көкүлдүү жаш чагым.
Балалык кез эске түшүп ушунча,
Байкабапмын жүрөгүмдүн сыздаарын,
Билбептирмин жүрөгүмдүн сыздаарын.
Комментарийлер (35)
Alaaninkulu
2013-11-11 01:26:38
Jakshi jakti maga
+2
aika_sv
2013-11-11 15:30:35
Укмуштуудай сонун жерде тартылыптыр, алмадан узуп жеп коюп ошондой жерде журсон ээ кандай керемет.
+3
Aelina
2013-11-13 02:05:28
Ooo bizdin ayildn tartilgan klip turbaibi, soonun boluptur, Almalyy bakchasy dagy sonun ytartiliptir, mektebibiz. Ehh.
+4
saltane
2013-11-13 12:50:20
Аскат азаматсын жакшы ырдаптырсын, Дербишкандын жакшынакай ырынын багын ачыптырсын ыраазымын сизге.
+2
Janyla
2013-11-16 13:47:20
Оххх...алма жегим келип кетти)))
+3
Erke777
2013-11-17 22:08:23
Азаматсын,талантына таазим!Клип соонун тартылыптыр.
+2
nurik838383
2013-12-02 17:59:58
азаматсын Аскат сен ырдаган ырлар аябай салмактуу
+2
Asus84
2013-12-11 12:49:33
эн жакшы эн сонун клип болуптур азаматсын Аскат
+2
kuba-boss
2014-01-02 08:58:11
Ырга караганда бак жакты алма жегим гелип гетти клипти горуп отуруп )))
+2
general2030
2014-01-03 11:24:34
Эн сонун моледец чыныгы талант!!!
+2
rasan
2014-01-08 09:08:49
Эн сонун болуптур. рахмат.
+2
kymbatbek
2014-01-09 11:08:36
Балалыкты эске салат го ! Тоолор, ат, айыл ! сагындым айылды !
+3
princ
2014-01-19 11:00:39
урматтуу admin_media ырдын созун да берип когулачы сураныч
+1
pitbul.t91
2014-02-18 20:16:05
клипке тартылган сонун кыз екенгоо
+1
goodman02
2014-08-18 17:10:49
клиптеги бала Айбек Замирбек уулу эмесби
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан