Гүлнур Асанова Ак Мөөрдүн арманы

Жүктөлгөн: 19-11-2013
03:49
52.47 Мб
Гүлнур Асанова "Ак Мөөрдүн арманы"
Сөзү : Сооронбай Жусуевдики
Обону : Жазгүл Жумаканова
Тагдырымдан эртелеп,
Таза, мөлтүр махабат күткөн элем.
Ак куу сындуу эркелеп,
Асмандай көк Соң-Көлдө сүзгөн элем.
Ал Соң-Көлдөн айрылып,
Ак канатым кайрылып
Жантай хандын торуна түшкөн элем.

Кенен Кемин тар болуп,
Оор кайгы төмөндөн басты мына.
Көкүрөккө зар толуп,
Көзүм жетти бактымдын аздыгына.
Ичке катып бугумду,
Ичке катып муңумду,
Жашым кулайт түн сайын жаздыгыма.

Оо, тагдырым, тагдырым
Ушунча да сен ташбоор болосуң
Баарын үйүп кайгынын
Өмүр бою зарлантып коесуңбу.
Күн болоюн өзүңө,
Бир көрсөтчү көзүмө,
Эңсеп жүргөн жалгызым Болотумду.

Ашыгымды, ырчымды,
Эстеп, эңсеп өңүмдөн азып жүрөм.
Ага арнаган сыйкырлуу
Махабатты жүрөккө катып жүрөм.
Аны көрүп түшүмдө,
Бирге батып үзүргө,
Ай нуру сепкен жайлоодо басып жүрөм.
Комментарийлер (27)
jazy
2013-11-20 00:06:27
сонун ыр экен азаматсын Гулнур баржогунан бар уну да суулуда башкаларга окшоп шпаклевкаланбайт кийген кийимдери кыргыздын улутук кийимдери кийет ырларыда сонун укулукту чыгармачылык ийгилик !!!
0
elya2404
2013-11-20 00:51:53
башка ырларын кызыгып деле укпапмын, же уксам дагы эсте калбаган. Бул ыры аябай уккулуктуу болуптур. Клип дагы супер. ничего лишнего, все идеально)
0
Kitep
2013-11-20 07:32:45
Урматтуу супер инфо! Баардык видеолорго 3gp форматына озгортуп кочуруп алуу функция кошуунарды суранабыз.
0
admin_media
2013-11-20 10:18:31
Kitep,
Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө кабарлап койдук. Бирок мындан кийин http://www.super.kg/superstan/index.php?showtopic=2195 ушул жакка калтырыңыз, суроо-сунуштарыңыздарды.
0
Rinatik94
2013-11-21 07:16:27
Мага жагат да ушул кыз=)
+2
ayaza
2013-11-21 17:13:29
Озу да,ыры да жагымсыз.
-11
Dasmond
2014-02-23 17:13:05
ayaza, Акмоордон сулуулугу боюнча кем эмес экен гооо
-1
bilias
2013-11-22 13:40:14
Азамат жакшы болуптур. Ашыкча эч нерсеси жок. Обону созу да жакшы экен осо бер. Жагасын мага.
+2
Jaryk78
2013-11-26 13:12:00
))))озу Кур Салиевичтин Акмоору да,дегеле эч ким ишенбейт,азамат ошончо билдирбей Акмоору болуп жургонуно
-7
belosnejka1
2013-11-29 21:03:38
Азаматсын!
+1
Kg93
2013-12-11 11:25:34
Ыр сонун экен бул кайсыл филь ден алынган билгендер болсо сураныч айтып койгулачы коргонго. Аябай кызыгып калдым
0
sayaktar
2013-12-23 18:23:23
Kg93, Бул Ак Моор фильми.
-2
guli78
2014-02-23 11:35:26
Рахмат сонун чыгарма болуптур... Гулнур иштерине ийгилик дагы дагы жакшы чыгармаларды кутобуз сенден....
0
Luntik
2014-03-26 09:50:30
Караңгы бөлмөдөн эле тартып коюшуптур го, калган материалдар кинодогу архивден алынса, Ак мөөр тууралуу башка идея таап сонун клип тартса болмок, жеңилине качырышты окшойт ээ?
0
AshatMJ89
2014-03-26 09:50:30
жакшы да эмес, жаман да эмес, орто
0
bela77
2014-03-26 13:27:29
Гүлнур көпчүлүк учурда улуттук колоритти тутунат, кеңешим, бул нерсе сени өз жашыңдан улуу көрсөтүп коет заманбап клип тартып көрбөйсүңбү?
0
orhideya
2014-05-03 06:03:34
Сулуулугуна коз тийбесин. Чыгармачылык жолунда эч качан аксаба демекчимин. Азаматсын.
+2
Januska
2014-11-23 06:50:03
Жакшы чыгыптыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан