Самара Каримова Бакытка тунуп турам

Жүктөлгөн: 29-11-2013
03:38
46.1 Мб
Самара Каримова "Бакытка тунуп турам"
Сөзү : А.Матиеваныкы
Обону : Э.Талиповдуку
Бакытты эмне десем, баланын өзү тура.
Жанымды элжиреткен, жагымдуу сөзү тура.
Боорума бек кучактап, баламды сүйүп турам
Жан дүйнөм толуп-ташып, бакытка тунуп турам.

Өзүңө жаным балам көңүлүм буруп турам,
Жанымда сен бар үчүн, жазылып күлүп турам.
Боорума бек кучактап, баламды сүйүп турам
Жан дүйнөм толуп-ташып, бакытка тунуп турам.

Сен менин алтынымсың
Барсбегим, таалайымсың,
Айланып кетейиним
Сен менин бакытымсың
Боорума бек кучактап, баламды сүйүп турам
Жан дүйнөм толуп-ташып, бакытка тунуп турам.
Комментарийлер (19)
life-91
2013-11-30 03:52:42
Мыкты ыр болуртур. Ийгилик. Уй-булолук бакыт.
0
Hatiko
2013-11-30 12:24:46
Фон абдан соннун экен
+1
Eliza83
2013-11-30 12:36:22
Ыры да,уну да,фону да сонун экен!Бул сулуунун куйоосу турк эмеспи?..
0
uran001
2013-12-01 10:25:33
Eliza83, Кыргыз куйоосу Ош драм театрынын директору
0
Eliza83
2013-12-01 14:02:03
uran001, рахмат маалыматынызга!
0
alim
2013-11-30 16:46:57
Бакытың азайбасын, жакшы ыр болуптур.
Таза абада, таза үндүү Самаранын, таза ыры болуптур.
P.S. Артындагы фон Папан суу сактагычыбы?
0
elya2404
2013-12-01 22:51:20
Эки пальто менен эки тумагын алып алып, тошко чыгып эле телефонго клип тартып койгонбу)) Жолдошуна дагы калыныраак бир нерсе кийгизип койбоптурда, свитерчен тондурбай.)
0
alim
2013-12-02 18:11:22
elya2404,
Ошский вариант супер клипа. наз-ся "эконом клип"
0
nursyi
2013-12-02 12:34:23
Жанындагы жолдошу бекен? Андай болсо, ошол кишиге рахмат? Озу кийинбей-жубайын кийиндирип,котормолоп, чыгарып жатканына. Кыштын сулуулугу бааланган, жакшы клип болуптур.
0
nurik838383
2013-12-02 17:53:12
азамат эээ жакшы ырдаптыр, мага обону созу озу да жакты между прочим
0
life-91
2013-12-03 23:07:13
Достор жанындагы жолдошу эмес. Супер-инфонун акыркы санында маеги бар окуп корунуздор.
0
Meri77
2013-12-04 11:53:15
Эмнеге жанындагы аккордеон тарткан кишини жолдошу деп жазасынар?Корунуп эле туратко атасындай киши болуп.Деги биз кандай калкпыз,жакшы ырдыса да коро албайбыз,жаман ырдаса да коро албайбыз.
0
elya2404
2013-12-04 16:04:04
Meri77, озу деле улуу корунот))
Анан анын эмнесин коро албай жатабыз? Было бы чему завидовать!
0
turgunbek
2013-12-06 10:59:40
борумааааааааааа бек кучатап бааламдыыыы суйуп тураааам аябай сонун ыр экен жан дуйном толуп ташып бакытка тунуп турам ар дайым бакытка тунуп журолу достор
+2
leyli00
2013-12-23 07:30:42
Кандай керемет ун эээ достор балалуу болгум келип кетти. Азаматсыз бактулуу болунуз ылайым. Балли
0
Ediibek
2013-12-29 20:23:32
уну сонун екен.озу да сонун ырдаган...берки танцорлорубузга Караганда...
0
dina
2014-03-05 13:44:36
Сонун ыр экен. Ырчынын тиштери жакты)))
0
Samandar
2014-05-27 08:39:14
Сонун укмуш ырдаган менин келинчегим бул ырды угуп ыйлап алат анткени алыстабыз наристебизди сагындык да,самара уйбулоон балдарын мн бактулуу узак жаша карындашым
0
Arlan
2015-04-13 14:35:23
Урматтуу коментарий жазган боордоштор! Маалымат катары айта кетеин жанындагы аккордион ойноп жаткан киши обончу, композитор, бир нече китептердин автору Эгемберди Талипов. Эми Самара Каримова деген учурдагы белгилуу болуп бараткан ырчы кыздардын бири. Анын жеке жашоосун талкуулаганга акыбыз жок! Рахмат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан