Гүлзат Байзакова Кыйылып турам

Жүктөлгөн: 06-12-2013
02:27
24.72 Мб
Гүлзат Байзакова "Кыйылып турам"
Сөзү : О.Султановдуку
Обону : К.Досманбетованыкы
Жылкы айдап үрөң-бараңдан,
Жылганы бойлой баратсам.
Жайлоонун салкын абасы,
Эркелейт согуп алдыртан.
Көңүлгө сиңген гүл жыты, ай,
Көркөмү менен мас кылган.

Ашуу-Төр менен Чолок-Төр,
Эңседим сени сагынып.
Жадырап өскөн гүлдөрүң,
Жакама үзүп тагынып.
Обонун созсоң бөлүшчү,
Аскаңан чыккан жаңырык.

Тоодогу өткөн балалык,
Тобулгу, чикит чабышып.
Бир күндө он жолу урушсак,
Он жолу кайра табышып.
Куушуп оюн салчу элек,
Кулундар менен жарышып.

Ойноп бир күлгөн күндөрүм,
Бүлбүлдөп узап баратат.
Кыйылып турам кош дебей,
Кымбаттуу курбум, бала чак.
Мен тойбос жаштык кезимди,
Мезгилим колдон талашат.
Комментарийлер (6)
kamal777
2013-12-09 04:48:30
Эн жакшы клип деп эсептейм. Кыргыз жаратылышынын кооздугу, Гулзаттын улуттук койногу, ыры абдан жарашыктуу.
0
KG_URPAGI
2013-12-09 21:42:26
Кыргыздын Ала-Тоосунун, Ыссык-колунун кереметтуулугун карасан коз тойбойт. Клип соонун жакшы тартылыптыр. Гулзат эже унунуз башкалардыкына окшобогон мукамдуу жана уккулуктуу. Сиз кобунчо классикалык музыкаларга басым жасайсыз, бул жакшы, бирок шандуу ырларды да ырдап чыгуунуз керек. Тойлордо жана шандуу кечелерде да бийлегидей.
0
Meri77
2013-12-11 18:05:43
Сонун клип болуптур.Азыркы тартылып жаткан клиптерди байкап жаткандырсынар,созсуз автомашинанын жанында туруп алып ырдашат,же эки кабаттуу уйдун ичин бир-сыйра коргозуп ырдап чыгышат..Башка бири-бирине окшобогон идеяларды жарата алышпайбы биздин ырчылар?
+1
guziko
2013-12-11 20:27:18
Молодесс эже да
0
arzuu1
2013-12-16 02:42:18
эжеке сиздин унунузго там берем
+2
JANDIL
2014-02-10 03:18:38
arzuu1, сен деген кыргызча суйлосон боло!)))))) ТАМ беремин дегенин эмне ия?)))))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан