Топчубай Айтмаматов Апакемди эскерем

Жүктөлгөн: 10-12-2013
05:58
74.39 Мб
Топчубай Айтмаматов "Апакемди эскерем"
Сөзү : Т.Айтмаматовдуку
Обону : Т.Айтмаматовдуку
Жаш кезимден өстүрдүң го кастарлап,
Эркелетип окутам деп "каз-каздап".
Эркелеттиң, "айланайын уулум" деп,
"Мен уулумдун көтөрөйүн уулун" деп.
"Мен уулумдун көтөрөйүн кызын" деп.

Кайырма:
Апакем, апакем,
Кадырлуусуң дайым сен.
Эгер азыр сен болсоң,
Ак сүтүңдү актаар элем азыр мен.
Эмне кылам, не кылам?
Арга таппай мен турам.
Жайыңыз жаннаттан болсун деп
Аргам жокто тилеймин мен Кудайдан.

Апа деген ушунчалык ыйык белең?
Элесиңди жүрөгүмө сактап келем.
Чын эле мен айтпаймынбы мындан ары
Дүйнөдөгү ыйык сөздү "апа" деген?

Көрбөйсүң сен таңдын жаңы атканын,
Көрбөйсүң го байчечекей ачканын.
Көрө албадың эр жеткенин уулуңдун,
Небереңдин жаңы там-тум басканын.
Небереңдин энекелеп айтканын.

Кайырма:
Комментарийлер (83)
Beise
2013-12-20 13:05:47
бул клипти коруу угуу кандай бакыт!
0
bermet.kg11
2013-12-21 15:55:14
соонун ыр соонун клип
0
kerez2013
2013-12-23 18:01:04
соонун ыр маанилуу мага жагат
0
aura2013
2013-12-23 22:05:22
Сонун ыр экен клип дагы мыкты журокту эзетко
0
Chika78
2013-12-23 22:23:51
Мурда укканда мундуу ыр деп койчумун,азыр маанисин терен тушунуп мен да апамды эстеп ыйлап алдым.Ар бир созу журоктун мун-кайгысынан жаралган.Энелерибиздин жаткан жери жайлуу болсун!Авторго соз жок!
+1
admin_superstan
2014-01-06 15:38:27
baha76 - эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат.
0
badirovk
2014-01-26 04:42:05
1997-жылы уккан элем ушул ырды,Аксынын "Баялы ата"деген айылына концерт коюп барышкан эле Топчубай жетектеген "Жаштык" эстрадалык "диско" тобу)))Айылдаш ага ини,достор менен ар бирибиз бир экиден строчкасын жаттап алып концерттен чыгып алып кынылдап ырдаганыбыз эсимде.Анча мынча ксерексчи ырчылардан соннун ырдайсын "Шанколдук" жигит,браво!!!
0
Beise
2014-02-16 13:55:38
ушундай ыр жараткан балага огой апасы да ыраазы болсо керек
0
kama_future_millioner
2014-04-08 22:00:11
Ыйлататкооо сонун болуптур клип ыры да абдан сонун коптон бери издеп журдум эле
0
dastan_nookat
2014-04-14 18:35:14
Аябай сонун
0
dastan_nookat
2014-05-15 20:50:01
Клиптегидей версиясын жуктоп койунуздарчы сиздерде бар екен бирок андай эмес екен ушул клиптегидей жакшы болот еле мр3си алдын ала рахмат!!!!
0
admin_superstan
2014-05-16 10:42:41
dastan_nookat, Саламатсызбы!
Ырчыдан ырдын ушул версиясын алсак, жүктөп коёбуз.
0
Hameleon
2014-07-15 14:27:14
dastan_nookat, менен аудиомдо ДАЛ ушул клиптеги версиясы бар. Каалоочулар кирип кочуруп алсаныздар болот.
0
Narynbek
2014-05-16 00:36:35
Чын эле мен айтпаймынбы?Дүйнөдөгү ыйык сөздү АПА деген!Апа деген ыйык сөздү айтпай калганыма да 3 айдан ашыптыр.
0
Take200182
2015-06-25 11:20:17
Ушул ыр
0
Take200182
2015-06-25 11:29:16
Салам админ суперстан ушул ырдын эски вариянты бар эле,биринчи чыккандагысы 1997-жылы чыккан болуш керек ошонусун жуктоп койо аласыздарбы?алдын ала рахмат!
0
admin_media
2015-06-25 15:34:52
Take200182, саламатсызбы! http://www.super.kg/media/audio/95071/
0
5685baha
2015-09-08 15:11:35
Аябай маанилүү ыр жүрөккө жеткен.апалар аман болсун ар дайым.ийгилик сизге!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан