Асема Наристем

Жүктөлгөн: 18-01-2010
03:58
60.53 Мб
Жанр: Поп
Асема "Наристем"
Сөзү : З. Мурзатаеваныкы
Обону : Асеманыкы
Наристем, ак сүйүүмдүн данегисиң,
Нур болуп, бакытыма келээримсиң.
Көңүлүм эргий берет сени ойлосом,
Көз көрүп, ооз ачып өбөрүмсүң.

Ойлонсом эне болоор бакытымды,
Жыттагым келе берет ак жытыңды.
Ыңаалап көз жараарым күтө берем,
Наристем, жанып турган асылымбы?!

Наристем, ак батанын үзүрүсүң,
Сүйүүмдүн арууланган үзүмүсүң.
Дүйнөдө сенден ыйык керемет жок,
Шириним кубанычтан жанат жүзүм.

Нурумсуң өмүр берген таңымдагы,
Бүрүмсүң искегенде жаным жаны.
Үнүмсүң ыргагымды оболоткон,
Сен менен көктөйт тура сүйүү багым.
Комментарийлер (60)
Marmiladka
2010-06-02 10:15:07
Үнү мага көп жага бербейт.Наристем деп ырдап жатат,анан аягында эле бөбөктү көрсөтүп койду го.Андан көрө ушул сюжет менен башка ырды ырдаса болмок.
0
venchik
2010-06-08 18:27:47
Асема актриса болуп эле үйүндө отурса болмок. Эмне кылат жок үнү менен ырдап.Итак эле үнү жок ырчылар бизде толтура.
0
silkusia
2010-06-09 23:43:52
ушул клип хит болбой эле койсунчу. татыктуу эмес
-1
dream
2010-06-12 06:10:54
ушул эжебиз ырдабай эле койсо болот эле,же уну болсочу.Интервью берсе кыргызча жакшы суйлой албаган киши боло берет,анан звезда болгондой суйлойт
0
KubaBuba
2010-06-18 17:17:12
Эмне, жаны клиптер жокпу??
0
vorobey
2010-06-20 22:57:11
Kuba ty 4o v nature 4toli!!! Im sei4as ne do klipa novernoe... Situacia v Bishe tiajolaya!
0
muslima
2010-06-23 12:28:33
Үнү жок дегендерине мен да кошулам. Бирок клиби мага жакты. Жүрөгүң жылып калат экен.
0
lider-kg
2010-07-04 17:05:32
Билбейм, ушул кызды ырчы деп такыр эле элестетким келбейт. Актриса катары таанып калгангабы, билбейм. Катардагы ырчы, катардагы ыр, катардагы клип. Эч кандай озгочолук жок.
0
bekjangold
2010-07-05 11:42:26
Актриса катары таанылгандан кийин ошол бойдон эле калса жакшы болмок!
0
jaina
2010-07-07 08:53:46
Ыры маанилүү.Бирок үнү бийик эмес.Клипте да кемчиликтер бар. -4 койдум.
0
maradona
2010-07-07 12:03:50
Ит уро берет кербен журо берет. Сынчы сындай берет ырчы ырдай берет.
0
Агата Кристи
2010-07-09 16:58:14
Наристелерге арналган жакшы клип экен.Бирок жакшы ардай албаптыр.
0
UlanMamytov
2011-02-02 17:42:44
Сөздөрү жакшы ыр экен.
0
aza.kg007
2014-05-29 19:36:12
жакшы соонун
0
jibek.shami
2014-08-30 03:03:38
несин айтасынар аны мен суйуп ,ооруп журом бир кыйладан бери.супер ырчы супер актриса бул кызга эч ким жетпейт ар нерсени айта бербегилечи...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан