Канымжан Жаманбаева Мекеним - Кыргызстан

Жүктөлгөн: 17-12-2013
04:49
57.06 Мб
Канымжан Жаманбаева "Мекеним - Кыргызстан"
Аскарым сен, асманым сен мекен-жер,
Ата-бабам сени тапкан кеменгер.
Жаным бирге ак калпактуу мекеним,
Тең келбестир бир өзүңө бөтөн жер.

Кайырма:
Үч кыл комуз дабышы,
Жүрөгүмдүн кагышы,
Кыргызымда сакталат,
Манас ата намысы.
Ата журт алгалай,
Өркүндөп-өсө бер,
Мекеним - Кыргызстан.

Башы мөңгү, этеги күн турагым,
Көрсөң бермет, ичсең шербет булагын.
Ала-Тоодон ай-ааламга жар салып,
Бүркүт шаңшыйт азаттыктын ураанын.

Кайырма:

Ак, боз үйлөр Ала-Тоого жарашып,
Алыс кетсем атыр жытын саматып.
Дүбүртүңдөн шаңдар аткан мекеним,
Дүңгүрөй бер дүйнө жүзүн каратып.

Кайырма:
Комментарийлер (3)
bishkek.kg
2013-12-18 16:33:57
аябай жакшы ырдапсыз жакты аябай ар дайыма алгаа!!!
0
Nursultan.92-19
2016-11-07 23:14:59
Урматту админ Канымжан эжэкенеин ыры болсо керек (Катар жастык бири бош калат бир жастыка ысык жаш тамат деген ошол ырын жуктоп коёсузбу рахмат.
0
admin_media
2016-11-10 09:49:25
Nursultan.92-19,
Саламатсызбы! Жумакан Тажибаева - "Сен жокто" www.super.kg/media/useraudio/144459/
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан