Айпери Кулбаева Апам, ай

Жүктөлгөн: 19-12-2013
03:56
48.81 Мб
Айпери Кулбаева "Апам, ай"
Билемин тилегиңди өс-өн деген,
Бир жаның мен деп канча көзөлбөгөн.
Апам, ай каруусунда уктап калсам,
Ойготуп аламбы деп жөтөлбөгөн.

Апам, ай апа десем ыргып турган,
Көзүмдөн кандайымды көрүп туйган.
Нан жапса күйгөн жерин өзү алып,
Бышканын, даамдуусун мага сунган.

Айттырган учкан желден саламды улам,
Башкача бабалактап барганымда.
Кийимдин эң жакшысын өзүмө арнап,
Тамактын майлуураагын берген мага.

Эч бир жан мени сендей көтөрбөгөн,
Бир жаның мен деп канча көзөлбөгөн.
Апам, ай каруусунда уктап калсам,
Ойготуп аламбы деп жөтөлбөгөн.
Комментарийлер (10)
Gulzhan
2013-12-19 18:48:04
Соооонун ыр экен,апалар аман болушсун.
+5
alim
2013-12-19 18:49:21
Жакшы. Апалар аман болсун.
+6
KG_URPAGI
2013-12-19 21:16:19
Эмгеги эбегейсиз энелер эсен болсун! Айпери сиз мени дагы бир жолу энемдин эмгегин, бапестеп бастырып бакканын, алдейлеп куну-туну дебей которгонун, мандайымдан сылап мээримин тогуп эркелеткенин, эмне гана буюму же нерсеси болбосун жакшысын мага берип, жаманын озуно алып чонойтконун, мени учун баарына даяр болуп, ак суту менен бакканын, тогуз ай бою боюнда которуп, бул жарык дуйного алып келип адам катарына кошуп койгонун эске салдын. Энекемдин мен жаш кездеги жасаган эмгектерин эстеп ыйлаг..
+5
hanzada_samatova
2013-12-19 22:49:43
Жакшы чыгарма, баардык жакшы создор Апаларга гана жарашат!!!
+3
jigit85
2013-12-20 09:21:58
ayabai soonun kylyp bolupdur bur yr murda ele jak4uu airek4a aiperynyn unu altyn konggurok syak kyshyny eljyretyp jyberet eken menyn uyumdogu baary jakdyrde jukdopda aldek ugup jurobuz ak jok saga aipery
+2
Jakusya
2013-12-20 10:57:45
Ииий жожо сонун болуп момоюп уктап жатканын. Уй-булолук бакыт каалайм! Эжениз озунузго аябай окшош экен ). Апаларыбыз аман болсун!
+4
leyli00
2013-12-23 07:27:20
Супер инфо. Самара Каримованын Жаны жылды тосолу клибин, жуктоп койгулааачы сураныч
+1
cavet
2013-12-23 22:54:32
апалар аман болушсун
0
kukolka95
2013-12-24 14:46:42
Голосу соонун экен бул эженин
0
gul91
2014-10-15 23:37:26
мен кунуго жок дегенде 1 жолу укпасам курсагым тойбойт бул ырды. апамды ушунча сагынганда, мээриминин табы сезилип кетет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан