Айпери Кулбаева Элегия

Жүктөлгөн: 25-12-2013
04:18
53.45 Мб
Айпери Кулбаева "Элегия"
Сагындыңбы, мен да сагындым,
Кусалуу бир күнгө кабылдым.
Буйругу жок ушул тагдырга,
Таарындыңбы, мен да таарындым.

Кайырма:
Жоолугушуу болду арманым,
Жолукпайбыз эми, ардагым.
Жолду карап эми издебе,
Жалгыз аяк жолдо калганмын.

Кыйналдыңбы, мен да кыйналдым.
Мүдүрүлдүм, бирок сынбадым.
Жүрөгүңдү эзип жалгыздык,
Унуттуңбу, унута албадым.

Кайырма:

Ыйладыңбы, мен да ыйладым,
Өзүмдү-өзүм алдап кыйнадым.
Жанга баткан жалгыздык ырын,
Ырдадыңбы, мен да ырдадым.

Кайырма:
Комментарийлер (27)
aikooo
2013-12-26 00:35:17
мага жакпады ырдаганы(((
-5
zeirax19
2013-12-26 02:21:59
aikooo, Ырдын кандай ырдалышын билбеген адам окшойсун.аябай сонун ырдалыптыр ыр.клип бир аз начар.
-1
aman94el
2013-12-26 02:51:53
Оа баарынар туура айтасынар ырдын аткарылышына Айпери эженин унуно соз жок клип анча болбой калыптыр ьирок ардайым алга ушул Айпери эжени коптон бери билип угуп келебиз гастрольдо да коп журот а эмне учун ушундай ырчыларга анча мынча сыйлык берип коюшса болмок,бирок ойлойм супер инфодон башка бизде сыйлык деле жок окунучтуу!супер класс дагы да ийгилик!
0
peri05
2013-12-26 03:28:45
Мен кундо жуз жолу угам молодец
+1
suyor
2013-12-26 11:15:10
Менин суйуктуу ырым, ( Айпери еже сулуулугунузду макияж менен бузуп алыпсыз)
+1
jyrogym
2013-12-27 01:55:42
Сагындынбы менда сагындым ... )))жакшы ыр экен
+1
arusha_95
2013-12-27 10:41:43
Айпери ырыныз аябай соонун бирок клип жакшы тартылбаптыр
0
jankou95
2013-12-27 19:33:48
ай ушул ырды эжем кечке кечке уга берип журокту эзет эле да ыр жеткиликтуу ырдалган ал эми клипти эптеп эле тартып койгондой
0
omurbek1
2013-12-27 21:57:09
жакшы аткарылыптыр
0
street
2013-12-29 03:52:50
Созу жакшы экен.
0
nsk-mk
2014-01-01 13:35:44
Yr menen kliptin dengeeli sovsem bashka. Ushundan koro meni tartsanar bolmok)
0
altynbek-
2014-01-03 05:21:40
Жакшы ыр а ырдан тушкон каражаттан клиптеги кыздарга кийм алып бергилечи кичинесидеги киймдериго ар кайсы жери ачылатко тобо антип кийнип аласынар анан зордуктоо кобойду кантип токтотобуз деп койобуз дагы эх


уят эле ыймасыз болуп баратабыз кундон кунго кудайым озун ыйман бер пенделерине
+1
elmira93
2014-01-06 21:20:42
жакшы ыр
-1
Milashka-92
2014-02-09 14:16:35
макияж емес качество бербей койгон..и клип начар аябай бала да кызда аткара алган емес..ырда соз жок клип баарын бузуп салган
0
aziret_voin
2014-06-21 23:20:41
Сагындынбы менда саагындым деген жери жагат мага
0
aikol87
2015-08-07 19:22:51
Ушул ыр менен оорудум.Вообще-то бугун Айперинин ырларын уктум кечке.Азамасын унуно береке.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан