Самара Каримова Издейм сени

Жүктөлгөн: 28-12-2013
04:26
56.68 Мб
Самара Каримова "Издейм сени"
Сөзү : Ж. Мамытовдуку
Обону : Р. Абдыкадыровдуку
Издейм сени арасынан элдердин,
Эң бир кооз гүлзарынан жерлердин.
Сен ааламга издетүүгө жаралсаң,
Мен ааламга, мен ааламга.
Дайым сени издөө үчүн, издөө үчүн келгенмин.

Тиктейм сени тизмегинен элдердин,
Бактарынан бардык кооз жерлердин.
Сен ааламга кайгыртууга жаралсаң,
Мен ааламга, мен ааламга.
Дайым сен деп, кайгырууга,
Кайгырууга келгенмин.

Акпы-көкпү, кызыл бекен жоолугуң?
Жоолугуңдун түсүн көрбөй оорудум.
Кышта калган жалбырактын өңүндөй,
Ажарынан, ажарынан бир өзүң деп,
Азууда ден, азууда ден соолугум.

Пушту бекен, жашыл бекен көйнөгүң?
Мынча мени алоолонтуп ойнодуң?
Балким, ушул зор бактынын өзүдүр,
Өмүр бою, өмүр бою издеттирип,
Бир көрүнбөй, бир көрүнбөй койгонуң.
Комментарийлер (25)
Aju90.01
2013-12-29 16:03:51
Самара студияда отуруп алып ырларды подрят жазып,клиптерин папандын тоосунда 5жолу тартып коендой кылып кобойтуп,мындай кылчу болсон,СЕН жаратчу ийгилик коендой боло бермекчи!
+1
Aju90.01
2013-12-29 16:06:06
Окшошо берген клипке мен 2 коем
0
Ediibek
2013-12-29 17:13:33
мына бул башка....ушундай ырларды ырдасак соннун эле болот екенго...азаматсын
0
PeRa
2013-12-29 19:35:47
Nakonez to sulluu,
jana unu da bijik yrchy
0
tasnim
2013-12-30 14:04:22
эс алганы барып,зэригип тартып коюшкан го,кичине клиптин
сапатына да конул болчу,ызылдатып башка ырчылардын ырын ырдабай,кичине аракет кылып изденчи,саны бар сапаты жок кылбай,
+3
incognito1
2013-12-31 01:04:25
tasnim, эс алганы барып сразу 2 клип тартып коюптур.
+4
benslife
2013-12-30 14:23:12
Стилист менен иштебесен болбойт го Самара...?!
+1
kalbek87
2013-12-30 19:11:14
акардеонду жакшы, ноталарды так черткен адамга ойнотсо болмок ушинтип окшоштуруп ура берсек рыспайдын ырларын манызын бузуп алышыбыз толук мумкун. албетте унду рыспайга окшотуп ырдай албайбыз бирок музыкасын дал ошондой ойносо болот да кайдагы тага , боло, жеендерди жалдай бербей
+1
snejinka
2014-01-06 18:25:02
Самара эжеке, "Главное не количество, а качество" деп койчу беле, кичине клиптин сапатына көңүл бурсаныз болмок, эми түшүнүп атам "Спонсор" бар да ПИАРды күчөтүп атасыз, бирок эл оозуна алына турган жок дегенде БИР ыр болсо сонун болотле дегенле ой, көрө албастык деле жок...
0
KG_URPAGI
2014-01-31 01:37:31
Гулзинат Суранчиевага окшошуп кетет экен, экоосу тен супсулуу кыргыздын кызы! Ички жан дуйно да сулуу болсо, чыныгы сулуулук ошол эмеспи! Ийгилик каалаймын.
0
naz_chy
2014-02-19 22:04:40
зачем перепевать чужие песни?? Ладно, если бы что-то новое внесла или супер перепела бы, а так просто лишь бы эфир забить чем-нибудь. Реально тут говорят, что похоже на домашнее видео. Еще и по тв такое показывают :-///
0
dina
2014-03-05 13:16:49
Артындагы фон, үнү керемет, аккордеон ойногон бала да жакшы келишкен, болгону тумак менен пальто окшошпой калыптыр, кийинүү стилине көңүл бөлүп койсо болмок экен...
0
Sagy
2014-03-05 13:33:02
dina, Чачы жок окшойт да)). Айла жок тумак, пальто кийип))
0
mela
2014-03-06 13:23:39
тумагы не балекет????
0
IZUMRUD
2014-03-07 16:15:51
Чындап эле тумагын чечип эле койбоптур да
0
admin_media
2014-03-31 11:04:52
kgz020493,
Коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат! 10 күн банга!
0
iskra77
2014-11-03 02:40:27
Вроде говорят что она молодая но смотрю на неё,одевается она по бабски;-)
0
wwwwww
2016-06-22 13:24:17
iskra77, Ыр ретро, кийимда ретро болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан