Ислам Акматов Коштошуу

Жүктөлгөн: 14-01-2014
04:06
44.98 Мб
Ислам Акматов "Коштошуу"
Билем, жаным, сен кайрадан келесиң,
Бирок, жаным, анда баары кеч болот.
Гүлдөр соолуйт, биздин жолду көрктөгөн,
Биз таптаган чыйыр жол да жок болот.

Кайырма:
Ооба, билем, кеч түшүнүп баарына,
Келгениңде мен жолуңда жок болом.
Желбиреттиң, жете албадың баркыма,
Жакшы ыр элем, жалгыз элем мен сага.

Өтөт, кетет, өчөт жарык, сен гана,
Өзгөлөрдөн өзгөчө элем не санаа.
Өрттөп турат өзөгүңдү бир кезде,
Жарык элем, жамгыр элем мен сага.

Кайырма:

Сен келесиң, сен кайрадан келесиң,
Кеткеним чын, эми сага кайрылбайм.
Түңүлөсүң түпкүрүндө санаанын,
Түштөрүңө жаап өтөм жамгырдай.

Кайырма:
Комментарийлер (21)
elzat150498
2014-01-14 21:10:48
норм
+1
marin
2014-01-14 21:55:29
Сонун.
+2
aikooo
2014-01-15 01:40:10
баары тушунуктуу эле жапжакшынакай, мага жакты))))
+6
muhito
2014-01-15 12:08:28
Мындай кайгылуу ырларды коп уга бербейм.
0
asko93
2014-01-15 16:32:18
Жакшы ыр экен мага абдан жакты клипта жакшы Ислам Акматов деген ат азыр коп чыкпай калды убагында дунгуроду эле таланты бар уну бар жакшы ырларыда бар ананда неге коп чыкпай билбейм
+3
admin_superstan
2014-01-15 18:05:50
ULUUBEK.KG - эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат!
0
jigit85
2014-01-16 10:33:14
Soonun yr eken jakdy liryk eken
+2
Dina88
2014-01-16 15:50:07
Эски ырго адашпасам
+1
laki
2014-01-23 20:10:02
Dina88, Ооба, мурдараак чыккан! Бир жаз ушул ыр менен ооругам!
+1
realist90
2014-01-17 01:18:07
жакшы ырга жыкшы клип болуптур
+3
tatuna
2014-01-17 20:05:57
Азаматсын Ислам! Унуно береке! Ийгилик сага!
+1
ayaza
2014-01-18 22:46:05
Сонун ырдапсын,дагы Алга!!!
0
kyrgyzstan_93
2014-01-19 12:07:35
голос бар жигитте.кээ бир мега жылдыздарына караганда жакшы ырдайт.ийгилик сага ырчынын санын эмес сапатын кобойткон ырчылардын катарын толукта.
+2
laki
2014-01-23 20:19:59
Ислам Акматовдун өзгөчө карапйымдуулук сапаты менен жагат. Ыр, клип баары жагымдуу...
+1
zhainadamir
2014-01-28 02:32:07
Сонун ырды,сонун ырдаптыр,АЗАМАТ!Д-соолукта бол Ислам!
0
clever777
2014-11-20 09:35:18
Исламдын уну аябай жакшы. Ушундай уну бийик таланттуу ырчылар популярдуулукка жетпегени окундурот. Азыркы эстрада толтура ырчылар атасынын же бай спосорлордун арты менен ырдап жатышат. Исламдын жонокой сапаты, озун алып жургону жагат.Ишине ийгилик. Кайда болсон да сенин талантынды сыйлаган куйормандарын бар экенин унутпа.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан