Апаз Жайнаков Айгүл тоо

Жүктөлгөн: 27-01-2014
02:38
27.15 Мб
Жанр: Ретро
Апаз Жайнаков "Айгүл тоо"
Сөзү : Т.Шайдулаеваныкы
Обону : А.Жайнаковдуку
Жарыгы ай нурунун токтоп өткөн,
Жамалын Чолпон жылдыз жаба төккөн.
Жаз сайын жасанат дейт бактылуу тоо,
Кучактап койнунда айгүл өскөн.

Тагдырын таштак тоого байлап койгон,
Тамырын терең дешет айгүлүнүн.
Ошондуктан бийик өсөт, сулуу өсөт,
Көркүнө тартылалы ай жүзүнүн.

Шаңкайып ай чыкканда ал ачылат,
Нурлары асман-жерге бүт чачырап.
Ай менен гүлдүн ыйык арзуусунан,
Тоо бети кыпкызыл бир гүлгө айланат.
Комментарийлер (4)
missX
2014-01-27 17:53:29
Жайыныз жаннатта,топурагыныз торко болсун.Сиздин ырларыныз эч качан унутулбайт.
+9
step_by_step
2014-01-27 20:46:49
Uvajaemyi admin klipterinen koburook kowup koiunuzdar4y.
0
aikoldar
2014-01-28 22:33:18
Мукамдуу жана жан эргиткен ун, обон, талант. Жаш кеткени кейиштуу болду, дагы эчен мукам обондорду жаратмак. Кыргыздын гимнине татырлык "Кыргыз жери" сыяктуу бир топ ырлары чыкмак тируу болгондо.
+6
leyli00
2014-01-30 10:33:51
Кандай гана залкар инсан
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан