Жумагүл Раимжан кызы Ак көйнөк

Жүктөлгөн: 04-02-2014
03:02
41.57 Мб
Жанр: Поп
Жумагүл Раимжан кызы "Ак көйнөк"
Сөзү : Жыпара Арыкованыкы
Обону : И.Жунусовдуку
Ак көйнөк кийип келдим бүгүн сага,
Албырган ак жүзүмдү сүйөбү деп.
Арналган сага деген ак сүйүүмдү,
Айттырбай көздөрүмдөн билеби деп.

Ак көйнөк кийип келдим бүгүн сага,
Ардагым кучагына кысабы деп.
Эгерде сезсең менин тилегимди,
Алтыным, айды көздөй учалы деп.

Ак көйнөк кийип келдим бүгүн сага,
Аргендей добушуңду угайын деп.
А бирок күтүүсүздөн тааныштырдың,
Ак жуумал бир келинди жубайым деп.
Комментарийлер (22)
admin_media
2014-02-05 10:46:52
sara90,
Жалаң баш тамга менен жазууга тыюу салынат!
-2
Puwkin
2014-02-05 21:39:46
оо сонун, жакты мага. Ошто автограф алган элем кафеден чыгып кетип атканда. сактап журоом)
+4
bilim.bek
2014-02-06 01:32:54
супер
+3
happyfamily90
2014-02-06 23:20:57
Бир мезгилде Маестро беле Ширин айымды суйгон. Ал эми Жумагул эже ото берилип аткарат. Азамат.
+3
rnurzida
2014-02-07 02:50:29
Ыры да клиби да жакты. Ийгилик
+3
malyw2022
2014-02-07 14:34:58
Ширин Муктарбекова клипке тушпой эле койсо болмок ал диктор а диктор телеканалдын жузу дегендик актрисалык менен дикторлук экоо эки башка дуйно
-2
ati
2014-02-07 15:28:00
жумагул шоу бизнестеги сулуу жана ажарлуу кыз,уну да класс,ырларын тажабай угам.,койногу да соонун жарашыптыр.Клипке 555555 Ийгилик,.бирок кызга жалка.
+3
hakker
2014-02-07 18:08:54
Убагында Кыз-Бурак тобунда ырдап жургон кыз.Эми гана атактуулукту багынтып келе жатат.Биздикинде коп конок болду эле.Иштерине ийгилик,кыргыздын № 1 ырчысына айлан.
0
aizul9.kg
2014-02-09 19:06:23
Жумагул Рйимжан кызы дейтго)))))
0
Samatbekandabekov
2014-02-11 20:47:47
Жакшы ырдаптып талантын оркундой берсин.
0
Kanym1992
2014-02-15 02:05:47
Аябай уккулуктуу ыр, чыгармачылыгынызга ийгилик.
0
shazi
2014-02-28 19:48:07
Аракети кучту болуп жатат бул ырчынын, ийгилик каалайм. Ыры сонун экен мага жакты! Клипда жакшы тартылыптыр.
0
Bai
2014-05-07 14:18:25
Озу да татынакай,уну да керемет,ырларынын да мааниси бар.ШОУ БИЗнесте озунун орду бар ырчы айым катары тааныйм мен...Super baary
0
dastan_nookat
2014-05-10 08:28:19
"Сонун клип болуптур"
0
fittoniya
2015-02-28 04:55:15
Ырлары жакты.Мурда корбоптурмун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан