Токтобүбү Черикчиева Жолугарым билгенмин

Жүктөлгөн: 04-02-2014
04:56
52.3 Мб
Токтобүбү Черикчиева "Жолугарым билгенмин"
Биз жолуктук, качан, билбейм, үмүтүм,
Жүрөк отун бийлеп алдың сен бүтүн.
Бир гана эмес, тагдырга миң,
Тагдырга миң, таалайыма ырахмат.
Бизди кошкон,
Ошол айлуу, ошол жыргал,
Ошол бейпил түн үчүн.

Мен жашоодо канча жолу ыйладым,
Бакыт издеп, өзүмдү өзүм кыйнадым.
Жолукканда карай берип,
Карай берип, карай берип көзүңдү.
Кубанычтан көөдөнүмө,
Көөдөнүмө көлкүлдөдүм, сыйбадым.

Ошондогу сулуулугу, ай, дүйнөнүн,
Мен Жер шарын чарк айланып жүргөнмүн.
Билбесем да, бар экенин,
Бар экенин бул дүйнөдө ак сүйүү,
Мен өзүңө качандыр бир,
Бир убакта жолугарым билгенмин.

Билбесем да бар экенин,
Бар экенин бул дүйнөдө ак сүйүү.
Мен өзүңө качандыр бир,
Бир убакта жолугарым билгенмин,
Жолугарым билгенмин.
Комментарийлер (19)
altywka65
2014-02-04 19:47:24
ежекенин уну ен жакшы чыгармачылык ийгилик
0
Kagan
2014-02-06 20:19:30
altywka65, "Э" деген тамга менен жазчы "Эжеке" "эң" деп туура жазганды үйрөнөлүчү туугандар!!!
+4
hakker
2014-02-12 09:12:34
Kagan, азаматсын.Мен да ушундайларды коргондо кыжырым кайнап кетет.Мектепте окубаганбы деп ойлоп кетем.Менин 4-класста окуган балам да туура жазат буларга караганда.Шашпай ойлонуп туура жазалычы.Кыргыз тилин кор кылбайлы.
+1
aiza.kyrgyzkyz
2014-06-29 06:04:26
Kagan, кээ бир телефондо ,,Э,, тамгасы жок эгер билсениз))) значить алтышка эженин телефону да ошондой болсо керек . Бул какшык эмес чындыгы ,,Э,, тамгасынын оордуна ,,Е,, тамгасы киргизилген телефон бар кобунчо LG телефондордо кездешет!!!
0
bossmos7
2014-02-05 10:53:42
Жакшы !
+3
kunduz0702
2014-02-06 01:32:51
жакшы ыр
+3
radja
2014-02-06 16:45:31
Соонун ырдаган эже булбул унунуз очбосун
+2
nizami
2014-02-07 12:35:24
Токтобубу Черикчиеванын жеке концертин качан киргизесинер?
0
Boria2014
2014-02-07 20:17:05
Бул ырды Рассияда классический музыка деп сыймыктануу менен угабыз,жеткиликтуу ырдаган эжебиз, ийгилик!
0
hakker
2014-02-12 09:14:29
Boria2014, Рассия эмес Россия деп жазылат тууган.Айтылышы менен жазылышы болок да.
0
altywka65
2014-02-07 21:00:02
Kagan кудайым буйруса мындан кийин кайталанбайт.
0
hakker
2014-02-12 09:18:44
altywka65, Сен да азамат экенсин.Катанды мойнуна алганын.Кобу мен озум билем,сенин ишин болбосун деп дерзкий жооп берип атышат го.
0
Nelli85
2014-02-08 03:01:21
Талантына таазим Рыспай.Эжеке рахмат сизге журоко жеткирип ырдаганыныз учун!
+3
hakker
2014-02-12 09:21:16
Бул чыгарма эки чон таланттын топ келиши экен.Кайталангыс адамдар.Черикчиева кичине жалкоолук кылбай кобуроок изденсе жакшы болмок.Ырлары аябай аз.
0
jaina
2014-03-11 15:24:10
Токтобүбү эже сонун ырдайт. Бул ырды кайра-кайра угуудан тажабайм!!!
+1
Askatbek92
2014-09-10 08:56:57
Укмуш сонун ырдайт да!!♡♡♡
0
shaiyrkyz
2014-11-15 23:28:42
Колукту деген ырынын клибин жуктоп коюнуздарчы сураныч супер инфо
0
jypar.i
2015-01-05 17:23:30
Токтобүбүнү жылдын, ал гана эмес 20-21 кылымдардын "Супер ырчы айымы" десе болот.Сөздөрү,обону так аткарылган. Азамат кыз
+1
dobrajelatel
2016-05-02 18:51:40
Олбос очпос ыр. Ушунчалык суйуп угамын. Коп ырчылар ырдады бир Токтобубу эжедей жеткиликтуу ырдай алышпайт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан