Султан Садыралиев Күнөөмдү кечир, Алла

Жүктөлгөн: 12-02-2014
05:39
71.28 Мб
Султан Садыралиев "Күнөөмдү кечир, Алла"
Сөзү : Б. Жамгырчиевдики
Обону : С. Садыралиевдики
Жарык турса нур толгон жансыз күнгө бекиндим,
Жармашыпмын шайтанга теңин булгап бетимдин.
Карегимди дат басып, аруулукту табалбай,
Жаштыгымдын далайын жардан алыс кетирдим.

Көздү нечен май басып жолду көрбөй эсирдим,
Көкүрөгүм муз болуп барксыз күндү кечирдим.
Жамандыктан кайтарчу жалгыз өзүң бир Алла,
Жаркын жолго жетелеп күнөөлөрдү кечиргин.

Кайырма:

Алла, Алла, Алла,
Күнөөмдү кечир, Алла.
Алла, Алла, Алла,
Тозоктон сакта, Алла.
Ля Иляха илля Ллах, Мухаммадун – расулю-Ллах

Сактай көргүн, Жараткан, көкүрөгү сокурдан,
Калыстык бер чалдарга наркын сатып отурган.
Ыйлап сурайм, Аллахым, ал күндөрдү кечиргин,
Ыйманымды тарталбай никеси жок кошулган.

Бийлик үчүн намысын сойчуларды кечиргин,
Эл ырысын соодалап тойчуларды кечиргин.
Аруулугун жоготуп, битке турбас сом үчүн
Абийирине чок түшкөн сойкуларды кечиргин.

Кайырма:

Өлбөчүдөй күн көрүп жашап калдык жан сабап,
Өзөгүбүз күйүүдө аракечтик аркалап.
Келечеги жоголуп, багытынан адашкан,
Бир тууганды кечиргин жолдо жаткан чалкалап.

Баскан-турган жолуңдан кайдигерлик коштолуп,
Багытыбыз бузулду шайтан күчү топтолуп.
Бара турган жерибиз жарыгы жок түн беле?
Жанчылууда акыл-эс жан дүйнөбүз бош болуп.

Кайырма:

Жаңылууну кечиргин билип-билбей жасаган,
Жардам сурап журт үчүн карегиме жаш алам.
Барарыбыз кара жер, аларыбыз бир кепин,
Баарыбызды пенде кыл намаз мене жашаган.

Кайырма:
Комментарийлер (78)
islamkg
2014-02-16 10:17:42
Алла ыраазы болсун! Баарыбыз дын куннолорубузду кечир Алла!
+1
seidana
2014-02-16 14:22:56
соонун ырдайт э султан байке унунузго баракелди
+1
etalon
2014-02-16 15:40:22
Азаматсыз Султан байке!!! Онорунуз оркундой берсин, уй булолук бакыт каалайм сизге.
+3
azamat85
2014-02-16 20:36:51
mp3 versiyasy barby?
0
admin_media
2014-02-17 10:11:35
azamat85,
Шилтеме: http://www.super.kg/media/audio/107625/
0
kg86
2014-02-17 12:00:55
Султан я тя люблюююююю жаным. Ой, жаным деп алганым учун кечир.
+2
bakyt.anara
2014-02-17 15:06:01
Молодец, мына сага чыныгы талант уккан сайын укун келет.Султан сен 15 20 жылдан кийин дагы ушундай жылдыз болуп калышына ишенебиз себеби сенин унунду ардайым сагынуу менен угабыз.
+7
samara95
2014-02-19 10:01:21
туура айтасынар менда кошулам
+1
jumagulkg
2014-02-20 17:23:59
Султан байке жакшы ырдайт ийгилик каалайм
+5
Supataev.Salamat
2014-02-24 22:44:07
Биринчи кезекте бул ырды жараткан акынга рахмат айтыш керек Бердибек байке азаматсыз мыкты ыр
+2
TIMi4
2014-03-29 19:59:19
Sultan baike ozgo4ogo deim bawkalarga karagan da!
0
joki1213
2014-06-03 14:08:21
мен коро албастык эмес чындыкты жеткириш учун соз айтайын. Пайгамбарыбыз кайсыл хадисте домбураны колунарга алып Алла кечир куноомду деп ырдасанар куноонор кечирилет деп айтты эле.
0
mavlyanow-t
2014-06-05 18:53:57
жакшы ыр болуптур С
ултан байке
0
LISICHKA
2014-08-13 19:23:38
жазган киши да азамат жана ошону журокко жеткизе ырдаган киши да азамат,Ушундай адамдар коп болсун элибизде.
0
dastan_nookat
2014-08-15 14:42:40
"Барыбыздын кетирген кунолорду алах озу кечирсин! сонун клип мыкты"
0
admin_media
2014-09-15 14:53:42
КОЛЮЧКА,
Саламатсызбы! Рахмат, ката түзөтүлдү.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан