Сыймык Бейшекеев Офицерлер

Жүктөлгөн: 05-03-2014
04:35
55.33 Мб
Жанр: Поп
Сыймык Бейшекеев "Офицерлер"
Сезип дайым жүрөгүнөн ыйыктыгын мекендин,
Ишенебиз, шегибиз жок, чек аранын бекемин.
Погон кийген ар бир кыргыз офицери, силерге,
Ата Журттун сакчысы деп дайым таазим этемин.

Кайырма:
Офицерлер, офицерлер - мекенимдин сакчысы,
Офицерлер, офицерлер - тынчтык күндүн бактысы.
Силерсиңер, силерсиңер бейпилдиктин ачкычы,
Ден соолукта жүргүлөчү, өмүр болсун башкысы.

Бөтөн элди, бөтөн жерди өз жериндей корушту,
Артта калды Афганистан алааматы согуштун.
"Чептен эрдин күчү бек" дейт ата-бабам абалтан,
Билесиңер баркын-баасын ыйык ата конуштун.

Кайырма:

Көкүрөктө орден-медаль - эрдигиңдин белгиси,
Көзүндө от, жалын жүрөк болот дайым эргиши.
Өмүрүңөр өрнөк болсун урпактарга эртеңки,
Милдетиң так аткарасың, коргоп эли-жериңди.
Комментарийлер (28)
aika_sv
2014-03-06 11:30:51
Сыймык агабыз менен сыймыктанабыз, урматтайбыз жана жакшы коробуз. Ийгилик сизге.
0
timur1995
2014-03-06 19:34:49
admin эмнеге элдик видеодон таба албай атам озумдун видеомду айтып койгулачы канчанчы страница или кантип тапсам болот ссылка жок эле
0
Aijamal13
2014-03-06 21:57:10
Азаматсыз Сыймык байке чыгармачылык ийгилик каалайм.
0
alisa.ilias
2014-03-07 00:30:08
Мага жаккан жок
-1
shairbek87
2014-03-07 14:23:47
Азаматсыз сыймык байке. мага жакты
0
aitbek.06
2014-03-09 09:37:21
sonun yr
0
TolonturCN
2014-03-09 12:22:19
Жүрөккө ушунча жакын көрүнөт экен, кандай гана керемет, өз мекени, чеги, сакчысы болуу. ушундай баалуулуктарыбыздын баркына жетип жашайлы кыргыз элим. КР, Кыргыз аскерлери орто Азияда эң күчтүү, кудуреттүү болууга жетишсе экен!
+2
alai.gulcha94
2014-03-12 07:35:55
сонун ыр жана клип молодец Сыймык ага
0
Almabek
2014-03-12 12:05:53
Жакшы ырдалган, жакшы тартылган, жакшы жазылган, бир гана Сыймыктын бул ырынын обону башка ырына окшоп калыптыр, почти копия!
0
konuratM10
2014-03-12 18:12:51
С. Бейшекеев жаны дем менен абдан мыкты чыгармаларды жаратып кубантып жатат. Айрыкча аскер тематикасында. Рахмат! Дагы чыгармачылык ийгиликтер! Аскердик кызмат отоп жургондо "эр жигит эл четинде, азамат жоо бетинде" деп стройдо ырдачубуз. Бирок офицерлер дебестен, жоокерлер! десе кенири маанини камтып жакшы таркамак. Не дейбиз автордун оз укугу
+1
konuratM10
2014-03-12 18:14:15
Жакшы
0
Tariel_tt
2014-03-15 21:25:23
Эн сонун.ато офицерлер Газмановдун офицерин угушчу.формачандардын гимни болот го.
0
Arijan
2014-03-15 23:19:04
Саламатсыздарбы admin_media.Мен видео клиптерди кантип корсом жана жуктоп алсам болот же ал учун да катталуу керекпи?Иштеринизге ийгилик чон рахмат.
0
admin_media
2014-03-17 12:33:27
Arijan,
Саламатсызбы! Жок, катталбай туруп деле көчүрүүгө болот.
Opera mobile браузери менен көчүрүп көрүңүз.
0
kaniet
2015-02-08 19:11:19
Урматтуу админ, ушул ырдын сөздөрүн жазып кое аласыздарбы, рахмат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан