Сөзү : Карыбек Бегимкуловдуку
Обону : Жаныш Кочкоровдуку
Өмүр - дайра, убакыт бар кечкенге,
Өтүнөрүм, мага келсең, кеч келбе.
Асылкечим, кайдан чыга калдың, сен?
Минтип жашым кырктан ашып кеткенде?
Жашоо - жыргал, кадырына жеткенге,
Эмне жетсин, сүйүү сырын чечкенге?
Жүрөк сыздайт, жүлүндөрүм зырпылдайт,
Сен жолугуп, белден каруу кеткенде.
Жүрөк сыздайт, жүлүндөрүм зырпылдайт,
Сен жолугуп, мен алыстап кеткенде.
Сен да селки, асманда эмес, жердесиң,
Сен да мендей күнөөсү бар пендесиң.
Сүрөрүбүз беш күн өмүр болгон соң,
Сүйүүбүздүн аямакпыз эмнесин?
Сен дүйнөнү танып биле элексиң,
А сен мага бир берилчү белексиң.
Оорулуу жан өмүр бою көксөгөн,
Асылкечим мүрөк суудай керексиң
Оорулуу жан өмүр бою көксөгөн,
Сен кайрылып качан мага келесиң?