Апаз Жайнаков Ак гүлүм

Жүктөлгөн: 03-04-2014
03:28
39.02 Мб
Жанр: Ретро
Апаз Жайнаков "Ак гүлүм"
Ботодой болгон көзүңдөн,
Кылыктуу чыккан сөзүңдөн.
Гүл өстүрүп алсамчы,
Гүлдөн артык өзүңдөн.

Кайырма:
Ак гүлүм, ай, ак гүлүм,
Сага жетпейт таттуу үнүм.
Кел басалы жанашып,
Көрккө бөлөп жаз күнүн.
Ак гүлүм, ай, ак гүлүм,
Сага жетпейт таттуу үнүм.
Кел басалы жанашып,
Көрккө бөлөп жаз күнүн.

Тал чыбыктай чоюлган,
Элик бир мүчө боюңдан.
Түнөк таап алсамчы,
Түйүнчөктөй сыныңдан.

Кайырма:

Олоң кара чачыңдан,
Татынакай атыңдан.
Ачык айтсам, жүрөктүн,
Ардагысың катылган.

Кайырма:
Комментарийлер (4)
nurbek_posol
2014-04-05 03:35:59
Бала чагыбызда ушул ыр менен чонойдук го... Жаткан жери жайлуу болсун!
+2
step_by_step
2014-05-07 16:57:34
Акардион менен ырдаган вариантын жуктоп койгулачы сураныч.Алдын алачон рахмат.
0
admin_superstan
2014-05-07 17:23:27
step_by_step, сунушуңуз эсибизде болот. Аракет кылабыз.
0
Ali.
2014-07-20 14:21:42
Кыргыз баткен сыймыгы
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан