Гүлзат Батырканова Айта көрбө

Жүктөлгөн: 07-04-2014
02:14
23.3 Мб
Жанр: Ретро
Гүлзат Батырканова "Айта көрбө"
Жүзүң сүйкүм жүзүмдөй, садагасы,
Жүрөгүмдү туюкка камабачы.
Окуучумдан беш бетер сүрдөп кетем,
Октой өткүр көзүң менен карабачы.

Карегиңден жолуңду издебечи,
Каалаганың катылуу ичте кезиң.
Сени сүйгөн бактыма ыраазымын,
Секетим ий, секетим ий, тиктебечи.

Күн артынан күн жылып өткөн сайын,
Күйүп-бышып жүргөнүң мага дайын.
Ансыз деле көзүңдөн көрүп турам,
Айта көрбө сүйөмүн деп, кагылайын.
Комментарийлер (3)
Aisanat
2014-04-07 16:36:03
Мен да мен издеп жургон ыр екен деп кире калса. Ким билет томонку ыр саптары кайсы ырга таандык.
Жан сырымды ачкан жок елем
жан кишиге айткан жок елем
адамзатка беш кол тен емес
абайлай кор жаным шок елен

обуштук деп айта корбогун
коруштук деп айта корбогун
Калганы есимде жок
0
admin_media
2014-04-07 16:45:09
Aisanat,
Саламатсызбы! http://www.super.kg/media/audio/82825/ ушул шилтеме менен кирип уксаңыз болот.
0
dasa-kgz
2014-04-18 19:42:55
Гулзат Батырканованын же Байзакованын экоонун биринин опера вариантында ырдаган ыры бар эле таппай журом. жардамдашып койгулачы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан