Эрнест Бөрүбаев Сиз жөнүндө

Жүктөлгөн: 14-04-2014
03:48
48.02 Мб
Жанр: Поп
Эрнест Бөрүбаев "Сиз жөнүндө"
Сөзү : Сатканбай Момуналиев
Обону : Түмөнбай Колдошов
Сиз жөнүндө ырлар жазбайм эми мен,
Кат да жазбайм кубанычтуу, кусалуу.
Сымбатыңыз суктандырып турса да,
Жүрөгүңүз, эркиңиз да тушалуу.

Сиз жөнүндө ырлар жазбайм эми мен,
Кечириңиз, тынчыңызды алдым көп.
Сезимиңиз сенектигин байкабай,
Тажатыпмын айта берип сүйөм деп.

Ырлар жазбайм сагынычтуу, кусалуу,
Күнөөлөбөйм сүйбөдү деп сизди мен.
Сезим жанбоо - бактысыздык, чоң кайгы,
Сүйүп, зарлоо чоң бакыт деп түшүнөм.

Сиз мендиксиз, мендик дагы эмессиз,
Сезим, ойлор бирге, бирок бөлөкпүз.
Сагындырып, саргайтканыңыз үчүн,
Сүйөмүн да, жек көрөмүн сизди эпсиз.
Комментарийлер (117)
sanajet
2014-09-28 21:53:24
ayabai mykty yr boluptur. dostor ishengile biz kollektiv m.n joldo barajatyp bazar korgondon jalalabadka kelgi4e kaira kaira ugup,yrdap kelgenbiz. (bazar korgon jalalabd jarym saattyk jol) azyrdele ukkandan jadabaibyz
+3
Ba-xa
2014-10-04 10:45:34
Мындай ыр мындай клип чанда эле жаралат азаматсын брат
+4
Salim1
2014-10-06 04:22:36
журогум эээээээй! сага боорум ооруп кетти!-болуп кетиптир го! ыр жакты. клип канааттандыраарлык эмес. Ийгилик!
-3
meder5
2014-10-07 20:00:17
Ээ Эрнист ака ырдын өтөөсүнөн чыгыпсызго, клипте болсо го айып жок. Суранаарым кыздар, өзүңөрдү сактай билгиле. Ойлонуп анан кадам шилтегиле!
+3
azamat_star74798
2014-10-13 04:12:40
Базар жок
+3
arzumat
2014-10-13 09:32:17
ыр да клип да аябай сонун.журоко жеткире ырдаптыр.угуп алып кыйла женилдеп алдым.озум ырдагандай эле болдум.сиздин талантынызга албете беш жолу 5.5.5.5.5.
+3
azizka94
2014-10-20 06:43:18
Эн жакшы чыгарма болуптур талантынызга таазим ото берилуу менен аткарылган ыр,дагы да чыгармачылык ийгиликтерди каалайм
+3
Nuraza
2014-10-26 00:02:39
супер ыр.супер клип !ишинерге ийгилик,бул ыр менен ооруп калдым дааа ,сиз жонундо ырлар жазбайм мен эми!мен учун жазылгандай тимеле.Суууппер
+2
Maksat81
2014-10-28 21:06:19
Эң мыкты ыр болуптур!
+2
burkut100
2014-10-29 10:19:46
МММ... Жакшы эле го бирок, мындай маанидеги клиптер толтура, идеасы деле озгочо эмес. Болгону актерлор жакшы ойногон. Эрнест да ырды журогунон чыгара ырдаган. Башынан откон учун сыздап, кыйналып жатса керек.
0
burkut100
2014-10-29 10:24:06
Клип анча жаккан жок. Анткени кайталанма эле идеа, озгочолук жок. Болгону ырчы да, актерлор да жакшы, жеткиликтуу ойногон. Эрнесттин башынан мындай тагдыр отсо керек, жеткире, жан-дилинен ырдаган.
0
bantik
2014-10-29 10:38:37
Ырчы жигитти бир кыз алдап кетсе эле, ушундай мааниде тарта береби. Кыздарга салыштырмалуу эркектер суйууго туруксуз го. Клипте озгочолук деле болбоптур. Кадимки корунуш.
-1
kuba_95_95
2014-11-04 19:43:25
ырдын мааниси клиппи
ото жакшы экен ийгилик сизге Эрнис байке
+1
askar_myrza
2015-03-07 11:47:10
ыйлагын келтиретко чиркин
башыбызга мындайлар туш келбесин
+1
Antoshka2016
2016-11-12 18:30:43
Супер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан