Ильяз Андаш Коштошуу

Жүктөлгөн: 28-04-2014
04:09
50.55 Мб
Жанр: Поп
Ильяз Андаш "Коштошуу"
Сөзү : Нурлан Эсенгуловдуку
Обону : Нурлан Эсенгуловдуку
Акыркы жолу мен сага барам,
Акыркы жолу сүйөм деп айтам.
Канчалык сени сүйүп турсам да,
Кайрылып кайра, бара албайм сага.

Акыркы жолу гүлүмдү сунам,
Акыркы жолу саамайың сылайм.
Бактылуу бол деп колуң булгалап,
Каларсың жаным менден алыстап.

Кайырма:
Арманым күчөп, алыстап сенден
Каламбы жалгыз ак сүйүүм менен
Арманым күчөп, алыстап сенден
Каламбы жалгыз ак сүйүүм менен

Ыйлаба жаным өзүңдү кыйнап,
Ыйлаба жаным жүрөгүм сыздайт.
Жалгыз сүрөтүң калат сакталып,
Көргөндө аны жүрөмүн ыйлап.

Кайырма:
Комментарийлер (33)
Hameleon
2014-04-29 10:14:21
Клипти укмуш эле реклама кылыптыр. Ырга го соз жок. Бирок чын эле ойдодо айткандай бир аз кыйналып ырдаган го ырчы. Анан да кызыгып жаны клип десе кандай экен деп кызыксам, жон эле машина анан сахна менен бутуруп коюптурго. Чындыгында купулума толбоду. Билбейм супер мега клип дегенден алысмын.
0
aibek0001
2014-04-29 15:15:30
Hameleon, Ооба кыйналып ырдаган, анан не онойчулук менен каалаган ырды ырдап журсо болбойтко, баары кыйынчылык менен болот.
0
merinargiz
2014-04-29 14:02:32
даа биринчи ырдаган бала жакшы ырдаган жеткирип.башында суйлоп аткандай болуп эле кийин кыйналып кетиптир.клиби деле бир коруп койорлук...озун да кыйнап ырды да кыйнап.мындан кийинкисине ийгиликтерди каалайбыз
-1
aika_sv
2014-04-29 15:24:17
Туура айтасынар.
0
alatookg312
2014-04-30 11:47:23
клип вообще тушунуксуз ,ырды да бузуп коюуптур ушул Ильяз ырдабай эле койсо болот,ырларынын такыр мааниси жок.
-4
rnurzida
2014-04-30 18:47:01
Чынында эле Данияр деген жигит аябай жакшы ырдаган. Кыйналбай-нетпей эле. Клип болсо билбейм кандай мааниде тартылган. Машинада баратып ырдаганын коруп, азыр суйгонуно барып коштошуп келет го деп кутуп аткам. Коштошкон сон откон кундорун жана эмне себептен коштошконун чагылдыра кетсе менимче бир аз тузугуроок болмок. Ото эле супсак клиптердин катарын толуктаптыр.
0
ayka.1991kg
2014-05-01 12:13:51
Супер инфо мен клип кочуро албай атам
0
admin_superstan
2014-05-01 12:33:44
ayka.1991kg, эгер телефон менен кирсеңиз, Opera mobile браузери менен көчүрүңүз.
0
Aikoo2014
2014-05-01 21:18:37
Бул ырды Данияр дегенда эмес,башка эле аты чыкпаган эле ырчы ырдаганын уккам. Аябай соонун эле мага аябай жаккан,издеп таап угуп жургом. Анан телефонум уурдатып жиберип бул ыр эсименда чыгып калыптыр.Жакшы эстетип койду мага. Ильяз ырдаганы такыр жакпады.
-3
Bekenova
2014-05-01 21:56:38
Магада жаккан эмес башында эле, биринчи ырчынын аткарганы жагат эле, бирок ийгилик!!
0
aygerimka
2014-05-02 15:34:33
Ырдын мааниси жакшы. Бирок клиптин сюжети менен тартса болмок.
0
altywka65
2014-05-03 05:48:51
Ильяз мн кошо мен да кыйналып кеттим а клипке тушунгон жокмун
+1
orxidea10
2014-05-04 22:02:48
чыгармачылык ийгилик Ильяз талыкпай иштей бер сенден жаны ырларды кутобуз.сонун ырдапсын.
0
Mederina11
2014-05-05 12:52:16
Иляз ырдаганы жакты.Тиги не баланыкы анча эмес
-1
tulpanka92
2014-05-16 12:54:56
Менда укам бирок ким ырдаганын билбейт екем такыр жакпады иляз ырдаганы ким ырдаганын жазып койгулачы
0
Ak_gulum
2014-05-17 14:59:04
ырдап ырды бузуптур.Урматтуу Ильяз бул кайгылуу ыр. Унунуз менен ошол кайгы-мунду жеткире алуунуз керек эле .Окунучтуу
0
admin_superstan
2014-05-19 14:28:26
Ak_gulum, мазактоодон алыс болуңуз.
0
AMAH-2
2014-05-26 19:48:56
Эң жакшы ырдаган.Клип чындыгында түшүнүксүз.
Ал эми тиги Данияр дегениңер ырды 125% бузуп салган же ырдай алган эмес.Дегеним мен бул ырды мурда ким ырдап жүргөнүн билбейм.Кыскасы көп фанаңдай бербегиле "бузуп салган" деп.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан