Gulzada Толгонуу

Жүктөлгөн: 28-04-2014
03:49
47.56 Мб
Жанр: Поп
Gulzada "Толгонуу"
Жалган дүйнө кезип,
Чаңдар өткөн безип.
Жараткандын дүйнөсү,
Жакшылыкка үндөчү.
Аруу, аруу тилек,
Армандарды жиреп,
Аталардын керээзи,
Таамай аткан жебеси.
Эй, эй, эй...

Кайырма:
Өмүр, өмүр чиркин кандай, кандай?
Узак жолду бастым талбай,
Каректерим канбай бул өмүргө эй...

Кайдан, кайдан келдиң?
Укчу, укчу кебим.
Карегиңде сыр бардай,
Миң бир түркүн кыр бардай.
Шамал, шамал менен,
Шамда, шамда келген.
Шайыгы да кайыбы?
Байкап турган жайыбы?

Кайырма:
Өмүр, өмүр чиркин кандай, кандай?
Узак жолду бастым талбай,
Каректерим канбай бул өмүргө эй...

Комментарийлер (51)
anjella8888
2014-05-02 01:38:26
Бул айым жанылышбасам башында чыкканда Манастын урпагыбыз деп кыргыздын арнаменти м.н чыктыле. Эми жыланачтанып Европаны туурап жатабы манастын урпагы?!
-1
Maisara
2014-05-02 03:00:22
Мага аябай жакты козумдон жаш акты
0
mekusha
2014-05-03 05:24:52
Люди че вы на ее наижаеете?? странно вы все такие с перво такое сделайте а потом обсуждайте на вверху все видеть и он только будет судит а не вы ! Одни негативы ажж даж слов нету! Насчет клипа и песни я молчу отлично поработали хоть есть что то необычное
+2
kirpik
2014-05-03 15:18:13
мурда ыр чыгарганда кандайдыр комиссиядан отуп анан ырдашчу а азыр баары озу билет укмуш демократия а бирок жыланачтанып чыгып алып аа уу деп ырдап элге жакпадывы ызначит жакпайт азыр эл комиссия эгер концерт койсо эл барбаса эл колдобосо сен эч ким эмессин ошон учун а бу дебей элдин купулуна жеткен ырларды клиптерди тарткыла
+1
NADUW
2014-05-03 15:51:58
кандайдыр бир себептен козунон жаш чыгып кеттиго Гулзада эженин! бул да болсо ырдын кучтулугунон го.чын дилинен ырдаптыр!
+2
lusi2013
2014-05-04 18:45:49
Ыры жагат,клипти тушунбодум
0
k.aika.t_kg91
2014-05-05 00:31:30
Маниси терен ырлардын бири экен,жана клипти жакшы чагылдырылган.
0
admin_superstan
2014-05-06 18:03:30
anjella8888, brilliant, жеке билдирүүлөр үчүн купуя бар! Билдирүүлөрүңөр өчүрүлдү!
0
Altynai312412
2014-05-14 17:40:38
эн сонун клип, оригиналдуу!!!
0
mi-li-na
2014-05-31 20:27:44
Жыланач ырдаганы шаманчылыгынын белгиси го деп ойлоп койдум... Каныкейди туурап ырдайт качан болбосун. Каныкейдин колокосундо осуп келе жатат...
0
goodman02
2014-06-17 10:49:47
Сонун клип экен, тушунгондорго +5!
0
motomoto
2014-08-21 13:35:59
мрачный клип болуптур. мага жаккан жок. ни чем не удивила. эмгек бар , бирок текке кетти деп ойлойм))))))))))
-1
Жакшы бала
2014-09-30 03:14:57
Мага абдан жакты бул клип! Оригиналдуу жана жогорку сапатта тартылган клип экен ыры дагы мааниси терен экен. Башкалардан озгочолонуп природа же кафеде тартпай клипти супер кылып тартышыптыр! Гульзада ырчыга чын журоктон чыгармачылык жактан чон жетишкендиктерди каалайм!
+1
dastan_nookat
2015-08-18 21:54:06
Клипби жакпады ыры жакшы!
0
sanrisa
2016-03-17 12:59:42
Ар бир ырчы озүнүн ички дүйнөсүн чагылдырганга аракет кылат. Гулзаданын озүнүн стили бар, Каныкейдиги өзүнукү. Эчкимди туураган жок менин оюмча. Чечинип такыр эле жылаңач чыккан жок да, туурабы? Өтө эле катуу сындаштын кажети жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан