Ильяз Абдыразаков Бир өзүңө

Жүктөлгөн: 07-05-2014
03:22
40.23 Мб
Жанр: Поп
Ильяз Абдыразаков "Бир өзүңө"
Сөзү : Ш.Бөрүкуловдуку
Обону : И.Абдыразаковдуку
Сагындым сени, жаным, ардагым,
"Сагынбаймын" деп өзүмдү алдаймын.
Сагынып канча көргүм келсе да,
Сага билгизбей санаа тартамын.

Кайырма:
"Сүйөмүн" деп айта албадым,
Же артыңдан мен бара албадым.
Жүрөк ыйлап, сыздап жүрсөм да,
Бир өзүңө мен кайта албадым.

Сен дагы мени сагындың бекен?
Же мен жөнүндө унуттуң беле?
Караңгы каптап сенсиз дүйнөмдү,
Арманда сыздайт алсыз жүрөгүм.

Кайырма:
"Сүйөмүн" деп айта албадым,
Же артыңдан мен бара албадым.
Жүрөк ыйлап, сыздап жүрсөм да,
Бир өзүңө мен кайта албадым.
Комментарийлер (155)
Eliz89
2014-12-28 15:56:11
Мынча томпошка болуп толуп калган Иляз красавчик ардайым ийгилик клип сонун
+1
Eliz89
2014-12-28 16:05:26
Москва шаарына качан келет admin билип бере аласыздарбы алдын Ала рахмат
+1
aldavait
2014-12-31 17:10:38
Сонун ырдапсын иним,

жакшы ырларды жарата бер. ийгилик!
+1
R.A.Altynai
2015-01-09 11:40:29
Эх кайрадан журогумдо сагынуу сезими ойгонуп кетти,ырды угуп.Мен да "САГЫНДЫМ" суйуктуумду! Соз жок ырынызга Ильяз,чыгармачылык ийгилик сизге!
+2
aldavait
2015-01-11 21:17:26
Красавчиг иним,жакшы ырдапсын,биринчи местага татыктуу. Ушул ыр менен токтоп калбай дагы чыгара бер
+3
jypar.i
2015-01-11 23:07:09
aldavait, Ильязга кыргызча эле "азаматсың иним, талантыңа баа бердим" деп жазсаң болбойбу. Ушу кыргыздар кыргыздын көп сөздөрүн таптакыр эле колдонбой калдык. Мисалы: места,сахар,красавчик, сестрёнкам,братишкам, девушкам - деп. Ал эми Ильяздын машинасынын № казактыкы болсо эмне болуптур. Негизгиси талантту, жөнөкөй жигит. Ийгилик сага Ильяз иним
+2
Bakulya79
2015-01-11 23:22:40
Ильяздын жонокойлугуно эч бир ырчы жетпейт.Озу менен озу жумушун жасап журо берет.Бар бол Ильяз.....
+2
admin_media
2015-01-12 10:46:00
Bakulya79,
Саламатсызбы! Кандай учурда чыгат? Кененирээк купуя кат менен жазып койсоңуз, рахмат!
+1
Zyldyza
2015-01-16 22:44:17
Ильяз ырларын маанилуу ,сапаттуу.ИЙГИЛИК.копчулуктун суймончулугу бол)))
Москва шаарынан Жылдыз,Гулмвйрам))))
+2
Aman7
2015-02-21 18:27:27
Ээх суйуу суйуу, ыр сонун.
+2
kut.9494
2015-03-02 12:58:24
Обончу мыкты аткаруучу.Ар дайым кудайым колдосун,уй булоолук бакыт каалайм.Ар бир чыккан чыгармаларыныз жагат.
+2
Zair_Alimov
2015-03-08 01:18:37
Super
+1
Ayperi94
2015-04-01 13:09:00
Ырдын мааниси сонун клип да жакты .
+2
Baarova
2015-12-30 01:17:38
Ильяз байкенин бут ырлары жагат.
0
atai9
2017-01-29 14:56:51
ильяз байкенин ырлары жакшы музыкалары андан 5+++
0
Tursunkulov02
2019-07-09 05:38:25
Бул ырдын ичинде канчалаган сезимдер бар экен угуп жатып образга кирип кетесин гоо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан