Гүлнур Сатылганова Сага

Жүктөлгөн: 08-05-2014
03:19
41.99 Мб
Жанр: Поп
Гүлнур Сатылганова "Сага"
Жашоодон бакыт издеп турган кезим,
Дем берет, үмүт берет айткан сөзүң.
Канымда калып калат кайрык болуп,
"Кандай?" деп кабарымды алган кебиң.

Кайырма:
Дүйнөмдүн көркү сенсиң, шаңы сенсиң,
Ырымдын ырдап турган жаны сенсиң.
Түн көккө жылдызым деп кадап алар
Ботодой көздөрүңдүн ар ирмеми.

Ааламдын сан жетпеген шамалында,
Сагынткан бир жытың бар жамалыңда.
Арманым болбос эле ошол бойдон,
Ал жытың калып калса ырларымда.

Кайырма:

Сенсиз күн токтогонсуйт, мезгил жылбай,
Кыялга чөмүлсөм да жүрөк сыздайт.
Кусалык каптаганда аргасыздан,
Жан эркең махабаттын ырын ырдайт.

Кайырма:
Комментарийлер (68)
Zari2013
2014-06-07 11:22:33
Клип башкаларга окшош дегенине кошулбайм! Аябай сонун клип болгон, Рахат клиптин коркун ачкан,"ботодой коздорундун ар ирмеби" деген создор анын коздоруно аябай дал келген.Гулнур Эже сизге ийгилик!!
+1
gapar82
2014-06-07 15:37:43
Беш
0
melek1
2014-06-09 05:23:57
Murun yrlardy maani berbeile uga ber4im ele,bawyma suiuu kelgenden beri sozuno otoo maani bere bawtadym)))baary top keliwken azamatsyz
0
zhyldyz_01
2014-06-23 01:21:10
kashmar schitaetsja primoi kyrgyzskoi estrady no stol'ko ljapa v etom klipe. Braslet i kol'tso na ruke to na levoi. to na pravoi ruke. Kashmar, neprofessional'no. Kto snimal klip. Pozor
-1
adelima
2014-06-26 17:54:31
Эч кандай Ляптар жок бул жерде. Болгону кузгудон чагылдырылып тартылган.
0
HHFRU
2014-07-10 18:11:50
adelima, жок ай, кузгудон чагылдырылса, койногунун банты, бетиндеги мендери да чагылдырылмак.
0
admin_media
2014-07-14 11:00:23
Ayimgul,
Саламатсызбы!
Opera mobile браузери менен көчүрүп көрүңүз.
0
Afina
2014-07-27 11:34:36
аябай сонун.... клип да ыр да
0
kg_sulushka
2014-08-25 08:43:12
En sonun klip jana yr maga akterler da ayabai jakty
0
egemberdievagulbara
2014-09-09 18:49:30
Негедир урматтаймын Гулнур ежени
0
obon
2014-09-15 14:24:20
en mykty yr abdan jakty maga
0
admin_media
2014-10-15 10:40:56
Manasasman,
Саламатсызбы! Катачылыктар дагы эле кайталанып жатабы? Бизге купуя кат менен жооп берип койсоңуз, рахмат!
0
bantik
2014-11-05 10:25:08
Гулнур эженин ырдаганында кеп жок дегилечи. Бирок клип эч жаккан жок. Анткени кайталанма кадрларлар сценарийи жакшы иштелип чыккан эмес
0
IAMHAPPY
2014-12-21 21:26:31
Унунуз зор да!!!
0
ALIMAW
2015-04-03 10:15:26
yrchy dep uwul ejeni aitsak bolot
0
abc123
2016-04-30 09:29:01
Гулнур Сатылганованын таланттына таазим!!! рахмат ийгилик!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан