Жумагүл Раимжан кызы Сүйүү бакыты

Жүктөлгөн: 14-05-2014
03:51
48.75 Мб
Жанр: Поп
Жумагүл Раимжан кызы "Сүйүү бакыты"
Сөзү : Н.Кадырбек кызы
Обону : Ж.Жанболот кызы
Өзүңдү сүйүп жүргөн, ай,
Бир эмес, көптү билем.
Көзүңдөн күйүп жүргөн, ай,
Жалындуу отту билем.

Жазылган маңдайыма сени,
Кемибес бак деп билем.
Тапканга бир өзүңдү,
Шүгүр деп жашап келем.

Кайырма:
Мен сени жылдыз эмес да,
Жаркыган ай деп билем.
Күз эмес, сары жандуу,
Көлкүгөн жай деп билем.
Сен мага учканды үйрөттүң,
Тордогу булбул элем.
Сүйүүнү тутканды үйрөттүң,
Күдүкчүл бир муң элем.

Мен сени бул өмүрдө,
Түгөнбөс ыр деп билем.
Төгүлгөн төбөмдөгү, ай,
Эң жылуу нур деп билем.

Өзүңдү өмүрүмдүн, ай,
Сакчысы, эр деп билем.
Айымды аяй билген, ай,
Эң айкөл шер деп билем.
Комментарийлер (36)
Aikoo2014
2014-05-23 22:47:14
Ырда клипта соонунго,клиптеги айымдын калы жакты.
-1
malik
2014-05-26 10:30:15
Pozhelaniya: 1."Xa-xaxa-aaaa" degen zhery takyr okshoshpoi zhana zharashpai kalyptyr. 2. Gitaradagy bala oozunu achai ele tursa zhakshy bolmok.

0
malik
2014-05-26 10:35:02
3. koldorun adep ele zhazaberbesten zhonele tabygyi turup yrdasa dagy zhakshy korunmok.
0
matatas
2014-06-09 16:08:03
текст жакшы бирок бул ырдын саптары белгилуу эле акындардыкы болсо керек.
Бирок точно Нуркыздыкы эмес.
-1
dream2013
2014-06-11 20:31:08
Ушул ырчылар бетинерди ххх ххх make up жарашыктуу кылып стильди ондосонор боло жаш туруп илгерки ххх болбой .ырчы чоорчулар олконун жузу дегенди билесинерби.
0
admin_media
2014-06-12 09:33:43
dream2013,
Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат! Эскертүү!
0
nurikjn
2014-07-02 10:33:57
Талантынызды баалаймын, бирок ушул эле ырдын казакчасын уктум эле. Чыныгы автору ким экен?
0
Adilet2014
2014-07-03 08:53:40
Мен да казакчасын да уктум. и клибин да кордум кыргыздар казактан которгонбу же казак кыргыздан которгонбу
0
kchoro
2014-08-21 10:32:12
Нуркыз ыр жазбайт, анда акындык талант да жок. Болгону ал дайыма элдин көңүл борборунда болгусу келет. Нуркыз элдин көз алдына чыгып туруш үчүн ыр жазат, журналист болот, депутаттыкка коет, клипке тартылат ж.б.ж.б. нерселерди жасоодон кайра тартпайт. Обон казактардыкы, ыр ар акындардын саптарынан уурдалып алынган. Жумагүлдүн үнү жакшы. Клипти жакшы тартууга аракет жасалыптыр.
0
myrzaly78
2014-09-08 18:25:09
Күдүкчүл бир муң элем эмне деген?.
+1
altyn1707
2014-09-16 17:58:37
Мага аябагандай жакты!!!! клип ыр да сонун экен!
0
altyn1707
2014-09-16 18:06:36
Кундуз молодец уй булон менен сонун тартылыптырсын,дайыма уйундо бактылуулук орноп балдардын кулкусу очпосун!!! Миргул
0
ArGeN4iK
2015-02-05 15:00:55
Супер ырчы айым мага суйгон кызым ушул ырды жиберди угуп жактырып калдым бул ырды
0
burulu
2015-04-08 20:47:13
данияр эрматовдун ырдаганына жетбейт ,,,,,
0
mersedes2013
2015-04-29 13:31:50
Ыр кимдики кандай кызык? Жумагул соонун ырдаган.Азаматсын.Супер.
0
mersedes2013
2015-05-06 12:30:58
Аябай соонун ыр клип да мыкты.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан