Айпери Сыдыкова Самба

Жүктөлгөн: 20-05-2014
02:55
38.5 Мб
Жанр: Поп
Айпери Сыдыкова "Самба"
Жай басып улам жанымдан,
Жан эркем, чачып жалындан.
Жаркырап бийге чакырсаң,
Бийлегим келди капыстан.

Кайырма:
Самба, самба, самба,
Кыймылдан артта калба.
Нота ойносун,
Жүрөк козголсун,
Сүйүүнүн бийи - самба.
Самба, самба, самба,
Кыймылдан артта калба.
Арзуубуз учуп
Асманга жетсин,
Сүйүүнүн бийи - самба.

Айлантып, кысып белимди,
Ансайын алып демиңди.
Кучагым толуп турганда,
Кумарга батып бийлейли.
Кайырма

Бийкечиң болом бактыңа,
Бийлейли бирге дайыма.
Жаңырып ар бир күнүбүз,
Жашасын тапкан сүйүүбүз.
Кайырма
Комментарийлер (104)
guli2289
2014-05-24 01:06:08
жакшы эле ыр болгон айперинин кичине голосу жетпей калат экен клипти дагы кызыктуурак кылса сонун чыкмакта
-3
hihikayu
2014-05-24 09:51:46
kanchanchy jylda jashap jatkanyn,tehnikanyn onukkon mezgili ekenin unutup kalgango.Kinoktoru kunumduk ele koinoktor klipke ylaiyk ech ozgocholuk koro albadym hyyyyyy
0
Shoola.kg
2014-05-24 14:55:01
уну айжамал кабыловага окшош экен.
+5
Muzik
2014-05-24 15:13:33
Айпери азаматсын ыр сонун еч кимди укпай только в перёд
-3
bek-rusu
2014-05-25 20:04:52
Жакшы ырдаптыр , клип анча эмес .
0
turatbekovna81
2014-05-25 20:37:20
Айпери сен аябай таланттуу кызсын.сенин бийлегенин ырдаганын тимеле сонун жарашат. Москвада кутобуз сени.
-8
Айпери Сыдыкова
2014-05-25 21:09:21
Баарыныздарга жакшы,жаман создорунуздорго рахмат,алтындай болгон убактыныздарды болгонунуздор учун чын дилимден ыраазымын.Баарыныздардын уйунуздорго кут,береке кирсин,бактылуу болунуздар,журогунуздордо суйуу жашап,жузунуздор жаркырап жылмайып,ишиниздер ийгиликтуу болсун.Оорубаныздар жана коп жашаныздар.
-11
shaiyrkyz
2014-05-25 22:25:19
Супер инфо Айперини эмнеге маеке чакырбайсыздар акыркы жанылыктарынан билгибиз келет?
-8
admin_superstan
2014-05-26 09:10:10
shaiyrkyz, сунушуңуз эсибизде болот.
-3
admin_superstan
2014-05-26 09:11:23
melkaya, turatbekovna81, провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынган! Билдирүүлөрүңөр түзөтүлдү.
upol92, сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
nazimka, жеке билдирүү үчүн купуяны колдонуңуз.
+1
danko2012
2014-05-26 20:22:27
Все классно!!!
-8
dastan_nookat
2014-05-26 20:46:03
Айпери эже жаны ырларыныз качан биз кутуп жатабыз бул клип жакшы!!
-7
december
2014-05-29 11:43:03
Ыр менен үнү абдан жакшы, шаңдуу, көңүлдү көтөргөн ыр! Бирок клиби ырга шайкеш келбей калыптыр, тескерисинче ырды бузуп, артка тартып койгон. Мен мисалы, Айпери ырын ырдап жатып өзү эле бир татынакай бийчи мырза менен самба бийин шумдуктуудай (өзгөчө кыймылдар менен) бийлеп койсо, ошону кызыгып көрмөкмүн. А так чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!
0
gulperi.kg
2014-05-29 16:27:15
Европанын клиптерин коруп салыштыра бербегиле сапаттуу болбоптур деп Ошо Европадагыдай онуккон олко болсок да мейли эле алар да оздорунун чонтогуно жараша клип тартат да
-1
peri...97
2014-05-30 20:32:34
Самба деген бийби...мага жакпады....
+2
Pakissstanka
2014-06-13 13:28:49
Detskiy multfilm bolup kaliptir..koinoktoru da jarawpayt eken ozuno.dayirdin tuulgan kunundo juroktu aylantip biylegen.fuu
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан