Ирлан Таалайбеков Мейли, тагдыр...

Жүктөлгөн: 02-06-2014
03:16
41.64 Мб
Жанр: Поп
Ирлан Таалайбеков "Мейли, тагдыр..."
Мейли, тагдыр, мага башың ийбегин,
Мейли, тагдыр, камыр кылып ийлегин.
Мен өзүңдөн башка нерсе сурабайм, ай,
Аска-зоодой ата-энеме тийбегин.

Мейли, тагдыр, бакытымды бербегин,
Байлыгыңды маңдайыма илбегин.
Бул жашоодо мага артык байлык жок, ий,
Медер туткан балдарыма тийбегин.

Мейли, тагдыр, сыйлыгыңды бербегин,
Маңдай жарып мага жарык тийбегин.
Мен өзүңдөн башка нерсе сурабайм, ай,
Ынтымактуу бир тууганга тийбегин.

Бул жашоодо турсун дайым күн чыгып, ий,
Жалгыз гана ак сүйүүмө тийбегин.
Жалгыз гана жубайыма тийбегин,
Мен өзүмө башка нерсе сурабайм, ай,
Түбөлүктүү досторума тийбегин.
Бир туугандай досторума тийбегин,
Аска-зоодой ата-энеме тийбегин.
Комментарийлер (18)
aman92
2014-06-03 09:33:11
Jakwy eken iygilikterdi kaalaibyz.sozdoru jakty.azamat
0
alya95
2014-06-03 09:57:17
Бул клинке соз жок, молодец Ирлан! Ал эми коро албагандарга коп конул бурба, пейил деген жок болуп кплган адамдарда!
0
landyw1
2014-06-03 09:59:39
Кандай керемет корунот биздин жаратылыш, Ирлан сонун клип болуптур ийгилик сага!
0
aydok
2014-06-03 10:04:02
Эн жакшы клип да создору да!
+3
jypara1415
2014-06-03 11:36:44
Машина , магазин , парк , кыздар жок ЭН СОНУН клип болуптур , эс алдырат экен . Ыр да жакшы .
+1
aman92
2014-06-03 22:22:08
Во абдан соонун экен, укулуктуу!
0
akva88
2014-06-03 22:26:22
Ирлан молодец! Албан албан ийгиликтерди каалайм.
0
akva88
2014-06-03 22:31:53
Ирлан молодец!
0
amina89
2014-06-03 22:33:11
Супер ирлан, алга.
+1
altywa95
2014-06-03 22:35:58
Темирлан Сманбеков эн жакшы коргон актерлордун бири, клип жакшы.
0
ilyaz14
2014-06-03 22:37:29
Ирлан суууупер! Умничка!
0
jamka1
2014-06-03 22:39:37
Жакшы тартылыптыр клип, во да жакшы
0
sergo
2014-06-05 02:07:46
Мээм кадимкидей эс алды Ирлан ишине ийгилик. дагы коп нерсе жазайын дедим эле эмоциямы соз менен айтып бере албайм эн соонун!!!
+1
Beise
2014-06-08 17:00:22
Ирлан ракмат сага.дагы чыгармачылык ийгилик уй булолук бакыт каалайм
0
shiko
2014-10-29 22:51:29
Азамат,бир убактарда ырга болгон суйуумду Ирлан ачкан,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан