Бек Борбиев Гүлчөтай

Жүктөлгөн: 16-06-2014
04:29
43.33 Мб
Бек Борбиев "Гүлчөтай"
Сөзү : Б.Борбиевдики
Обону : Б.Борбиевдики
Ойнотуп жүрөк кылдарын,
Өзүңө келди ырдагым.
Чыйырчык жакка бет алдым,
Карабай Оштун ызгаарын.
Жол узак али, сен кайда?
Көкүрөк тартса, барбы айла?
Өзүң да келсең болбойбу,
Күч күйөө кылбай, кылбай Алайга.

Кайырма:
Жашаган жери Гүлчө, Гүлчө,
Жайнап турат экен күлсө, жүрсө.
Алайдын тоосу гүлгө бай,
Келатам эңсеп күлчөтай.

Зымырап Мады, Баш-Булак,
Кыздары калды кол булгап.
Күйөө бала экен дештиби,
Ашуудан кымыз, бал сунат.
Керемет жериң келишим,
Датканын кызы, элисиң.
Күч күйөө болуп турсам да, эй,
Алайдын сүйдүм, сүйдүм перисин.

Кайырма:

Күлчөтай жасап камданып,
Тосорсуң ысык нанды алып.
Жылуу-Суудан өтүп баратам,
Жакындап улам, жанданып.
Жол узак экен, сен кайда?
Көкүрөк тартса, барбы айла?
Мен жакка дагы келерсиң сен,
Күч күйөө кылбай, кылбай Алайга.

Кайырма:
Комментарийлер (82)
Samandar
2014-06-27 13:39:53
Гулчотай гулчотай тамагын куйуп сунганда суротко тартыш керек эле терезени тушуруп гулчотайдын караганы ажарлуу сулуу экен,сонун ыр
+1
XAKER89
2014-06-28 12:57:23
Кыз сулуу экен
+1
dorboljunov
2014-06-30 17:02:15
ырдын кайырмасы эле бир аз жакты, ошентсе да клипте кыздын чырайы сонун экен.))))))
+1
baha_brat
2014-07-06 12:01:21
Талыкпай эмгек кыла бериниз Бей байке. Ырга соз жок сонун.
+2
odnoklassnik
2014-07-07 12:48:35
айткылачы, бул кызды тааныгандар барбы? аты, жону ким? кайсыл жакта?
аябай татына кыз экен)
+1
ALAY_NURS
2014-07-12 13:06:08
ыр музыка соз жок сонун жазган. кайда барба тойдо бийдин эн алды болуп жатат. Бирок бул жер Гулчо эмес го туурабы Гулчолук жердештер. Сценарийге тушунбойсун, карасан 570де токтотуп анан эле жайлоо, эми карасанар туугандар ошоончо лексус менен келип шаардык кыз бээ саап кеткенин. Менимче сценарийди ырдын текстине карап тузуш керек эле, жана бул жер Гулчо эмес а Кара-Суу району, Гулчолуккыздарга арнап ошончо ыр жазыптыр Гулчого келип жок дегенде бир эки кадр кошуп койбойбу ээээх Бек ака Бек ака
+2
papanstan
2014-07-13 03:13:14
ALAY_NURS, мен да кошуламын туура айтасыз.
0
ALAY_NURS
2014-07-12 13:11:21
Баашынан ондоп тартсачы ааабдан сонун болмок. Бек ака ошол жагын бир нерсе кылбайлыбы, ойлонуп баашынан тартпайсызбы ? Макул финансы жагын мен которуп берейин, как раз азыр Гулчо жашылдып чырайына чыгып турган мезгил.
0
azamat7386
2014-07-17 23:17:43
Бек байке сонун клип болуптур!
0
syma
2014-07-21 15:06:28
соонун клип болуптур,билермандар суйлой беришсин,кандай тартышты кай
+1
syma
2014-07-21 15:07:58
кай жерден тартышты........отура берип кереги жок комент жазгандан не пайда....
+1
Arina_kg
2014-08-16 16:48:52
Сонун жерлер тартылыптыр ыр да мыкты! Бек Борбиев гений!!!
0
Mister.Erik
2014-10-21 11:03:45
Клип алайда тартылган эмес туугандар Долонодо деген жайлоодо тартылган Кара-Суу районунда менин туулуп оскон жеримде мыкты клип болуптур
-1
bulanbekova
2014-12-04 14:23:45
Mister.Erik, клип Алайдын Чыйырчык деген жайлоосунда тартылган.
Кара -Суунун какыраган пахтасында андай жайлоо жок. козу пая айланардын баары.
Алайды,корбогондон кийин,билбегенден кийин унчукпай отуруш керек.
0
kindly_girl91
2014-10-28 10:21:12
he is very talanted.i like song and clip.
0
D.Nurik
2014-11-20 20:36:27
yr super klip ancha mes
0
bekbekei
2015-01-06 14:02:28
Ыр мага аябай жакты менин бир жаштагы уулум аябай бийлейт ушул ырга.Бирок тексттин тушунбодум куч куйообу же ич куйообу? бизде ич куйоо деген соз бар ал эми куч куйоону биринчи угушум.оштун ызгаарынбы же кыздарынбы ушул жерин дагы?
0
bekali
2015-01-31 12:39:57
келээрки кезектеги ыр кайсы жердин кызына арналат болду экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан