Гүлжигит Сатыбеков Мен сенден кетейинчи

Жүктөлгөн: 16-06-2014
05:21
58.43 Мб
Жанр: Поп
Гүлжигит Сатыбеков "Мен сенден кетейинчи"
Сөзү : Г.Сатыбековдуку
Обону : Г.Сатыбековдуку
Бак тиктик, дарактар да куурап калды,
Тамыры сууга жетпей кургап калды.
Үйрүлүп мээримиңди төксөң дагы,
Көңүлүм жакшы сөзгө суусап калды.

Кайырма:
Мен сенден кетейинчи, кетейинчи,
Жаныңда өзүмдү-өзүм жебейинчи.
Бактымды бир өзүңө байлаганча,
Кыдырып дербиш болуп кетейинчи.
Мен сенден кетким келди, кетейинчи,
Баарын ал, каалаганың берейинчи.
Бүт өмүр бир өзүңө байланганча,
Кыдырып дүйнө кезип кетейинчи.

Көңүлгө бир муздактык уюп алды,
Сезимдер өз-өзүнчө тунуп алды.
Койнуңа чакырбачы, эркелетпе,
Жан дүйнөм сенден качып туруп алды.

Кайырма:

Сөздөрүң мурдагыдай жакпай калды,
Бүркөлүп ар бир күнүм муңга айланды.
Тумчугам кучагыңда түндөр узун,
Өчөшүп таңдар дагы атпай калды.

Кайырма:
Комментарийлер (106)
Nuraiym.marasilova
2014-07-02 08:07:37
Мен сенден кетейинчи, кетейинчи,
Жаныңда өзүмдү-өзүм жебейинчи.
Бактымды бир өзүңө байлаганча,
Кыдырып дербиш болуп кетейинчи......
+3
bakay93ka
2014-07-06 19:40:50
азаматсын мен сиз менен Гүлжигит ага
0
bakyt-251190
2014-07-06 23:07:50
Абдан жагат ушул ыр маанисине соз Жок класс
0
ayildik_kiz
2014-07-16 11:46:43
Маанилуу ырларын жарата берсин.Ыр аябай сонун.
0
Beise
2014-07-19 13:18:20
Клипте бир озуно татыксыз жубайы учун жигиттин учуп кетишин каалабайм тескерисинче бала айыгып башка менен бактылуу жашап калышын кутом Мындай женил ой кыздар толтура оз бактысын сезе албаган
+3
ayakosya
2014-07-30 11:32:06
Мирбек ырдайбы Нурбек ырдайбы баары бир Гулжигит хит болот.
0
virus90
2014-09-08 15:51:23
Таалай Стамовдун мен бактылуу сага жетпей калганга деген ырын киргизип койгулачы
0
admin_superstan
2014-09-08 16:45:35
virus90, саламатсызбы!
Тилекке каршы, бул ырчы биздин тизмеде жок. Эгер тизмеге кошулуп калса, сөзсүз жүктөлөт.
0
ulan1978
2014-09-14 17:24:53
клиптеги бала оскон акенин баласы дилмурат эмеспи билгендер жооп жазып койгулачы жедигер айылындагы
0
kindly_girl91
2014-10-23 00:03:52
сооооооооооооооооооооонун мага аябай жагат ушул ыр
+1
suiun77
2014-11-01 21:31:40
Супер!!!
0
moskva
2014-11-19 12:59:44
эн сонун ыр...Балдарым да ото суйуп угушат..
0
Asus84
2014-11-27 14:46:31
ий аялы ХХХ ХХХ кудай сактасын ушундайдан, бирок актерлор сулуу экен
0
admin_media
2014-11-27 15:22:41
Asus84,
Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат! Эскертүү сызыгыңыз толгондугуна байланыштуу түбөлүк банга!
+2
M.Lancer
2015-03-05 10:36:35
Грустный ыр башынан оор турмуш откоргон окшойт .
0
Kurmanbek_9009
2016-05-14 19:09:32
Эржан азаматсын!
0
Meerim2210
2017-01-31 19:59:49
Оооло ЖакшЫ
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан