Бек Борбиев Карагат

Жүктөлгөн: 18-06-2014
03:51
38 Мб
Жанр: Поп
Бек Борбиев "Карагат"
Сөзү : Б.Борбиевдики
Обону : Б.Борбиевдики
Мен бул ырды ырдап жүргөм жашымда,
Маанисине түшүнбөй.
Тагдыр экен, жаштык экен, кантейин?
Өттү ал кез түшүмдөй.
Чыга калат “коюңуз” деп уялсаң,
Ууртуңдан уячаң.
Чыдай албай моюнуңдан жыттаймын,
Жаз гүлүндөй буралсаң.

Кайырма:

Кантип анан эзилбейм, карагатым?
Капилеттен жоготтум да, кайра таптым.
Бирде өбүп, бир өппөй,
Көз жашыңды көрсөтпөй,
Ийиниме башың жөлөп бара жаттың.

Мен бул ырды токуганмын жаш кезде,
Мазмунуна сүңгүбөй.
Ал кездеги окуялар эсимде,
Азыр ушул күнкүдөй.
Жакаң ылдый алма жыпар жыттанат,
Бир көрүнүп, көрүнбөй.
Эриндериң илебиме ыкталат,
Кожогаттын өңүндөй.

Кайырма:

Бир мен өбүп, сен өппөй,
Же сен өбүп, мен өппөй,
Ийиниме башың жөлөп бара жаттың,
Бирде ыйлап, бир күлүп сен бара жаттың...

Комментарийлер (27)
ayaza
2014-06-20 00:03:35
Жаккан жок,илгерки ырларына жетпейт,окшош-окшош ырларды чыгара баштады,клиптери да ото эле простой,качан болсо эле жаш кыздардын жанында эле журот.Возрастынызга жараша терен маанилуу,жакшы обону менен ырларды чыгарынызчы. мурдагы ырларынызды жактырып угабыз...
+2
admin_superstan
2014-06-20 10:29:39
Arabella, кимдир бирөөнү мазактоого, кемсинтүүгө, кадыр-баркына шек келтирүүгө, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөргө тыюу салынган! 10 күн БАН!
0
munduz2016
2021-07-20 18:01:57
admin_superstan, ушул ырды аккордеондун коштоосунда аткарганы бар болчу ушул сайтта.Мен таппай калдым силер таап бергилечи?
0
admin_media
2021-07-21 09:17:14
munduz2016,https://www.super.kg/media/useraudio/58475 ушул жактан уксаңыз болот
0
ayakosya
2014-06-20 12:13:34
Бек мырза Гулжигит Сатыбековдон улгу алсаныз болот эле сизден кичуу болсо дагы.
+1
Oi_pikir
2014-06-20 12:40:38
Мен бул ырды ырдап жүргөм жашымда, маанисине түшүнбөй... ушундай саптар болсо эле жаш баланы кошуп кою керекпи, клипмейкер, режиссерлор кичине ойлонуп, изденсеңерчи! Бектин клиптери көздү жуумп алып эле көрбөй туруп кандай болорун айтып бере турган болуп баратат. "Агама" бийлейт, Бек ырдайт... Өкүнүчтүү. Мааниси жакшы, жагымдуу ыр болчу.
+3
moviemaker4
2014-06-21 01:21:59
chynyn aitkanda takyr ele bolboi kalyptyr,emne baary ele ushintip eptep septep tarttyra berishet kichine araket kylyshsa bolboibu
+1
jumatone
2014-06-23 05:13:13
Ал дейбиз бул дейбиз англисче билбейбиз дегендей жон жерден тартылбагандыр бул клип ыр болсо укмуш
+2
papanstan
2014-06-24 02:54:04
Жаккан жооооооок------------
+2
dinumdinum
2014-06-26 10:45:31
мага дагы жаккан жоооооок!!!
+2
zhookaev
2014-06-27 08:19:12
бек байке акыркы кундору ырларыныз супсак болуп калды ырыныздын вариантын озгортсонуз жакшы болмок токтолуп
+2
apal.87kg
2014-07-15 15:14:43
Бек сизге суктанам жана сыйлайм.сонун ырдайсыз.коро албагандар отура бергиле ичинер орттонуп..
-1
Take200182
2014-07-27 16:25:29
Бектин бир ырын сурандым эле мен таап бересиздерби деп ошол эмне болду экен?
0
Take200182
2014-07-27 16:31:05
Айлуу тун сырларым сен"деген ырын айттым таап бересинерби деп жооп болгон жок
0
admin_superstan
2014-07-27 21:32:58
Take200182, ырчыдан ырын алсак жүктөлөт.
0
Take200182
2014-07-28 22:36:38
Салам Админ мага ошол ырды таап берсениздер жакшы болот эле алдын ала рахмат
0
Take200182
2014-08-09 15:05:48
Салам Админ Бек Борбиевдин Айлуу тун сырларым сен деген таап берсениздер жакшы болот эле алдын ала рахмат
+1
omurzak
2014-10-14 16:33:48
Ушул аркасында бийлегендери жага бербейтда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан