Гүлбү Ороскул кызы Агылам сага

Жүктөлгөн: 05-07-2014
03:28
44.65 Мб
Гүлбү Ороскул кызы "Агылам сага"
Жылдызың күйүп жылмайдың жүрөк жаралап,
Жылыттың жанды от-жалын болуп аралап.
Жылгадан ылдый агылып мөлтүр булактай,
Жылуулук издейм өзүңдү көздөй, жан адам.

Жан алат, чиркин, жаралап дене-боюмду,
Жан алат, чиркин, жаралап асыл оюмду.
Жалгыздык деген жүрөгүм бүгүн кубанып,
Жаным, ай, күтөм күнүгө келчү жолуңду.

Үнүңдү уксам үлбүрөк сезим кубарып,
Үзүктөй болуп үмүтүм сенден уланып.
Жүгүргөн суудай кан-жаным сага тамырлайт,
Жүрөктү жүрөк сүйүүсү менен сугарып.
Комментарийлер (14)
sardar1
2014-07-05 14:23:59
Ушул эжекемдин ырдаганы жагат. Соонун болуптур.
-2
oooald
2014-07-05 19:18:49
жакшы болуптур
-1
alim
2014-07-05 20:42:51

Жакшы жакшы. сөз жок. сонун болуптур!!
-1
prostok
2014-07-05 21:24:26
Maga da jakty
0
Oleg.kgz
2014-07-05 22:10:52
Супер инфо Гулбу эженин балама деген ыры бар беле ошону эгер чын болсо сайтка жуктоп койунуздарчы. Менин ойумча Гулбу эже эле ырдаган
0
taalay89
2014-07-05 23:49:53
Бул айым дагы кимге агылып жатат
-1
dastan_nookat
2014-07-06 00:11:59
орто клип! болуптур сизге ийгилик калайм жаны ырларды кутобуз!
+1
Akyl.UM.kg
2014-07-07 09:27:38
саламатсыздарбы
mp3 жуктоп койунуздар!
0
admin_superstan
2014-07-07 11:01:03
Akyl.UM.kg, Саламатсызбы!
Жакынкы арада жүктөгөнгө аракет кылабыз.
0
Eliza761024
2014-07-07 17:48:33
ыр мн сулуулугу айкалышып соонун клип болуптур!Алга!!!
0
Bols
2014-07-07 23:09:18
Эн жакшы чыгыптыр ийгилик си3ге
0
lika83
2014-12-31 14:26:16
Гулбу эже абдан уккулуктуу ырдайт экен. Ушундай ырчылар кобуроок болсо. сизге ийгилик!!!!!!!!!!
-1
lika83
2015-01-31 02:28:46
ак койноко караганда кызыл койногунуз абдан жарашыптыр,сиз абдан сулуусуз!
-1
fanatka19
2017-07-30 11:48:05
Башындагы музыкасы жүрөктүн кылдарын терметет го чиркин,үнүңүз өчпөсүн бар болуңуз чыгармачылык ийгилик.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан