Эмил Балтагулов Жылдыздуу түн

Жүктөлгөн: 09-07-2014
04:00
51.11 Мб
Жанр: Поп
Эмил Балтагулов "Жылдыздуу түн"
Сөзү : Б.Абакировдуку
Обону : С.Андабековдуку
Жаз мезгили жылуу-жумшак кийинип,
Жылдыздуу түнү сен экөөбүз биригип.
Өмүр балын жаңы татып турганда,
Өрүк гүлү бизге турду ийилип.

Кайырма:
Сенин мээримиң гүлдөн артык сезилди,
Жел сылады аппак, нурдуу бетиңди.
Дүйнөдөгү жалгыз кызык сен болсоң,
Дүүлүктүрүп кереметтүү сезимди.

Жыбыраган жылдыз улам суюлуп,
Ай шооласы жерге берип сулуулук.
Билинбестен өтүп жатты өзү эле,
Сенден мага, менден сага жылуулук.

Ал аңгыча ай да чыгып жаркырап,
Аалам турду агыш тартып жалтырап.
Махабаттын же жаштыктын күчүбү?
Туруптурбуз эс-мас болуп магдырып.

Кайырма:
Комментарийлер (24)
Alisher
2014-07-09 23:57:51
Ir klipda soonun maaniluu ekn iygilik...
+1
Samat.A.A
2014-07-10 01:15:46
Жакшы)
+1
nazimka
2014-07-10 02:02:35
Мен суйгон ыр.2000-жылдары ырдаса керек эле жанылышпасам.
+1
beka88
2014-07-10 13:02:03
аявай сонун ыр! 2005жыл менин 1-курста окуп атканды элестеттип кеттим,ден студентте мен бул ырды уч жолу ырдагам!!
+1
Gulnazz93
2014-07-10 20:03:41
Yrdy aiabai jakwy korup ugam klip da jakwy chygyptyr
+1
Bekish-kg
2014-07-10 22:33:18
клип не в тему болуп калыптыр.Баткенде тартса болмок
+1
anara-anara
2014-07-11 00:38:04
Bekish-kg, Баткенде эмнени тартмак эле
+1
anara-anara
2014-07-11 00:38:54
Соонун ыр да клипда тажабай укса болот.
+1
joodar.kg
2014-07-11 03:08:03
браво браво
+2
kuba7888
2014-07-12 22:11:38
Сонун
+2
Margaret.girl
2014-07-13 15:07:14
тим эле укмуш
+1
ilgiz-kg01
2014-07-13 15:10:35
azamatsyn
+2
Gupa
2014-08-05 17:44:38
Ырды окуучу кезде жактырчу элем. Бул ырчы да жагат.
+2
DOSY_1994
2014-09-25 02:50:35
жакшы ыр болуптур мага аябай жакты
+2
anGelina-345
2015-02-15 11:26:53
Эн соонун ыр! Уккан сайын журокту толкутат! Эмил байке дагы сонун ырларды кутобуз
+2
kyrgyzstan_00
2015-06-08 13:37:21
Жакшы ыр, мыкты клип болуптур Эмиль аке.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан