Таалай Бектурганов Эмне мынча сүйөм сени?

Жүктөлгөн: 14-07-2014
03:31
42.68 Мб
Жанр: Ретро
Таалай Бектурганов "Эмне мынча сүйөм сени?"
Издей берем тааныш үйдөн,
Издей берем көчөдөн.
Карааныңды мен жоготтумбу,
Түшүмдө гүл төшөгөн.

Кайырма:
Эмне мынча сүйөм сени?
Эмне мынча сагынам?
Кучагыңда денем ысып,
Чачтарыңдан сылагам.

Оюм сенде билсең деги,
Ырым сенде сайраган.
Сендеби дейм мүрөк көлү,
Кышта суусу кайнаган.

Кайырма:

Кайдасың сен, таба аламбы?
Билесиңби сен тилекти?
Адаштырдың, бара аламбы?
Уйкум келбей түн өттү.

Кайырма:

Түшүмдөсүң, жүзүмдөсүң,
Багымдасың сен жайнаган.
Өзүмдөсүң, көзүмдөсүң,
Канымдасың сен чанбаган.

Кайырма:
Комментарийлер (16)
Oi_pikir
2014-07-14 15:59:45
Дайыма ушундай жапжаш бойдон жүрөгүбүздө болот...
+5
12.12.12
2014-07-14 16:52:24
Мындай таланттуу инсан бир кылымда бир жаралат. Маекте досу айтыптыр "эгер Таалайдай жигит жаралса, анда мен кубанмакмын" деп. Бирок Таалай дүйнөдөгү бир эле оригинал деп айтаар элем. Видеону улам, улам көрүп, ал адамды азыр сахнада ырдап жаткандай элестетип отурам.
+4
Specsgruppa_NSS
2014-07-14 18:47:10
Таланты ташкындап турган маалында, жарыктыктан кеткени окунучтуу((Ырлары биздин журогубуздо жашай берет.
+2
izatik
2014-07-14 22:53:37
jatkan jeri jailuu bolsun
+4
apal.87kg
2014-07-15 15:01:41
Таш боор тагдырга таарынып кеттим кырчындай жаш мезгилинде кайтыш болгонуна.клипти коруп ыйлап жибердим.аттин арман.жаткан жери жайлуу болсун.
+4
Sharipa-asia
2014-07-15 21:03:02
Красавчик го, муну да биздикилер коралбай олтурду да
0
gul-bek
2014-07-15 22:40:53
Тируу легендабыз!!!
+3
teto
2014-07-17 05:27:02
Таалайдын ырлары эч Качан очпойт!
0
o.aza
2014-07-17 18:53:41
ырдаганда эч кыйналбай эле тартынбай жылмайып ырдаптырго..Супер инфодон дагы башка кадрларын кутуп калабыз албетте эгер кадрлар болсо
+1
aiza.kyrgyzkyz
2014-07-18 04:53:02
Таалайды ээри барлар да артынан чуркашчуу десе элестете албадым эле чындыгында аябай татына экен эле((( адамдын жузунон нурун айрыбасын Аллахым таланты ташкындап турганда арабыздан алып кеткен экен АТТИН деп кана эскерем АТТИН АТТИН
0
mr_baigazy
2014-07-19 01:10:14
Журогубуздо ырлары менен жашай берет!
+4
ayakosya
2014-08-14 08:44:16
Кайран талант
0
kubinez
2014-08-29 00:06:28
Эчкачан унутулбайт!!
+1
angelo4ka_96
2015-02-01 22:57:08
КРАСАВЧЧИК болгон экен! Кайталангыс ырчы болгон экен... Жаткан жери жайлуу болсун! Ырлары дайыма жүрөгүбүздө жашай берет...
0
gitaris93
2015-07-13 06:00:06
Таалайдын ырлары туболук ырдалат Жана даштар арасында да модадан тушпойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан