Тата Улан Ыйык көл

Жүктөлгөн: 16-07-2014
03:51
48.22 Мб
Тата Улан "Ыйык көл"
Жарык жарып көлдүн жээгин,
Ыйык көлүм, кетирбегин.
Нур толтуруп суунун жээгин,
Топ булутту келтирбегин.
Чалкайсынчы төрүң,
Эс алдыргын, кейитпегин.
Чайпалсынчы көлүң,
Жай майрамдан кетирбегин.

Кайырма:
Көл кайнап,
Көк чапанын жамынып.
Шарпылдап,
Жээкке толкун чабылып.
Бир сүрдөп,
Асман жарып чагылган.
Жай гүлдөп,
Ыйык көлүм чакырган.

Көк көзүм сени карап,
Кучагыңа жайылды.
Ээ-эй, жаным көлүм,
Сени жүрөк сагынды.
Ак кеме көлдө сүзүп,
Жалдырата каратты.
Ак чардак тентектенип,
Жайып жүрөт канатты.
Көз салып күтүп жүрөт,
Секирет деп балыкты.
Ээ, кандай сонун,
Тосуп алат табият.
Таптаза болсо,
Кучак жайып кубанат.



Ээ, досум, айтып кетем,
Өз жериңди сыйласаң.
Жердеги таштандыга,
Жаның күйүп ыйласаң.
Сактайлы көлүбүздү,
Бабалардан калганы,
Өз жерибизге,
Кайдигерлик кылбайлы.

Кайырма:

Телегейиң тегизби?
Айкөлдүгүң негизби?
Кылымдарды карыткан,
Сен баатырсың, негизи.
Сенин ханың Манас хан,
Кыргыз үчүн кармашкан.
Каркыра жайлоо ээлеген,
Элге керек жер деген.
Ыйык көлдү көлүм деп,
Кас душманга бербеген.
Кыргызга деп мөңгүнү,
Өз мекенин бектеген.
Тоолуу жердин ортосу,
Ыйык көлдүн ордосу.
Чындап эле ыйык көл,
Болгон экен мурда чөл.
Чөл үстүндө бир шаарды,
Катып алган ыйык көл.
Ыркы кеткен бир калкты,
Каптап алган ыйык көл.
Ала-Тоо, тоолор курчаган,
Бабаларың тандаган.
Ушул жериң сеники,
Мен кыргызмын, меники!
Комментарийлер (49)
belosnejka1
2014-07-18 05:16:52
Чыпчынында супер!
+1
jalgyzdyk
2014-07-18 09:27:09
Аябай жакты... Заманбап стиль менен ата-бабалардан келген сонун терен маанини чагылдырган, тупку мааниси коодонду жарып чыккан тилекти камтыган, терен ойлонтурчу ыр болуптур. Клип дагы мыкты!
+1
Aipri
2014-07-18 18:42:50
Соонун болуп Улан байке. Мага жакты.
+1
kuba7888
2014-07-18 21:47:55
Молодец
+1
dastan_nookat
2014-07-19 21:18:15
Супер клип!!
0
nurchik93
2014-07-20 03:03:50
соз жок супер!
0
Alesya95
2014-07-20 03:59:34
Азвматсыз Тата Улан!Ыйык колубузду таза кармайлы туугандар...
0
kona_bmw
2014-07-21 17:15:23
Эркек Тата Улан! Ийгилик ! Аллах жардамчын болсун!
0
ALAi..14
2014-07-22 00:35:09
Эн сонун ийгилик дагы сонун ырларды жаратышынызга тилектешмин ж.а ишенем,талантуу ж.аж эн мыкты ырчы Тата Улан
0
alai.gulcha94
2014-07-23 00:37:18
Жакшы патриоттук ыр болуптур
0
halkan85
2014-07-30 15:32:58
Soonun klip. maanisi da oto teren.Barakelde Tata Ulan. (maanisin tuwunbogondor ozunorgo ozunor suroo bergile emnege tuwunboi kaldym dep )
0
Sapaev
2014-08-12 03:08:59
Жакшы ырдаса болот еле емне уят
-2
Sezim_88
2014-10-27 13:26:13
Көчүрү мүмкүн болбой жатат себебин түшүнөй жатам?
0
admin_media
2014-10-27 13:36:47
Sezim_88,
Саламатсызбы! Оңдоо иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу азырынча көчүрүү мүмкүн эмес.
0
Orozbek.kg
2015-02-23 03:25:14
Тата Улан азаматсыз ийгилик сизге !
0
qwert123
2017-03-07 22:59:37
Тата Улан нукура Кыргыздын азаматы ишине ийгилик ушунунан тайба Колдуктор сени дайыма колдойбуз Караколдон салам.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан