Назира Кадыева Эсиңдеби?

Жүктөлгөн: 22-07-2014
03:16
42.19 Мб
Жанр: Поп
Назира Кадыева "Эсиңдеби?"
Сагындым мен өзүңдү,
Сиз деп айткан сөзүңдү.
Унута албайт окшоймун мен,
Сенин кара көзүңдү.

Кайырма:
Эсиңдеби сен жаным,
Сүйөмүн деп айтканың.
Мени ушунча ишендирип,
Неге мени алдадың?

Алтыным мен күнүгө,
Сени көрөм түшүмдө.
Мына азыр олтурамын,
Ырым арнап өзүңө

Кайырма:
Кайда кеттиң сүйгөнүм,
Сени күтүп жүрөмүн.
Элесимде, көз алдымда,
Сен жылмайып күлгөнүң.

Кайырма:
Комментарийлер (41)
anelya_kaparova
2014-07-23 18:20:24
Назира Кадыева мыкты ди-джей гана болбостон, ырчылык тизгинин да алып келет. Эң соонун ыр, соонун клип менииче. Жакшыны жакшы деп эле айтыш кере та, туурабы. Эмне эле үн жок деп атасынар, биздин учурдагы "жылдыз" сөрөйлөрдүн айрымдарын угуп анан ушинтип жазгылачы макулбу. Алга Назира эжекеси, катардагы эмес, модалуу деп эмес, сапаттуу, мазмундуу ырларды ырдап жүро бериниз!
-1
momuntay
2014-07-23 19:36:20
Назира Даниярова го. Чындап озуну зордоп ырчы кылып алгандай. Ди жей болгон эле жарашат го дейм сага. Клип маанисиз бирок эффектер кооз....
0
Pepi
2014-07-23 20:23:22
Клип ото Эле супсак. Же макияжы жок нормальный, же прическасы нормальная эмес. Дешевый клип, " ары бастым мен бери бастым" болуп.
0
admin_superstan
2014-07-24 12:58:23
Pepi, акыркы эскертүүм!
Кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирбеңиз.
0
elvira1980
2014-07-23 21:14:46
Клипке озун тартылбай эле жаш кыздарды тартыш керек да, эч жарашпай калыптыр ырдаш учун талант керек ун жок!
-2
freid
2014-07-23 21:43:08
Странных людей очень много!!!Жакпаса корбой эле койгула. Может еще силерден сурасынбы клипке кимди тартып кимди коюшту? Лично мен Назиранын ырларын суйуп угам!Назира Азаматсын!
0
cosmopolit
2014-07-25 01:38:47
Клип жакшы тартылыптыр...
0
syma
2014-07-25 11:31:03
мммм ар бир адам колунан келген ишти кылса!!! калп эле ырдын баркын кетиришип!! азыркы жаны чыгып келе жаткан ырчылардын ырларын уккунда келбейт, маниси да жок,унуда жок, эптеп эле ырдай беришет! ФОНОГРАМАНЫ коюуп алышып,ушу ырчыларды тасалашса электен откозушо нормдары калат эле!!!
+2
kuntai
2014-07-25 14:10:18
Клип жакшы тартылган, профессионально ) эффекты тоже хорошие, жакшы ырдалган. Мага жакты )
0
Altyndoor
2014-07-25 18:36:10
Жон эле койбоптур! Смешной клип болуп калыптыр! Озунун жашына ылайык клип тарпайбы. Озун жаш кыз сезип албай.
0
melek1
2014-07-28 23:44:21
nazir eje azamatsyzz!!!!aitylgan sozdorgo konul burbanyz)))jakwy boluptur.a sizdi taanybagandar,ichi kuigondor suiloi beret.5++++
0
admin_superstan
2014-08-05 12:44:44
akbala-2014, акыркы эскертүү!
Жеке билдирүүлөрдү купуя менен жөнөтүңүз!
0
admin_superstan
2014-08-05 13:37:04
akbala-2014, эскертүүлөргө карабастан, эреже бузганыңыз үчүн 2 күн БАН!
0
Leili
2014-08-06 15:20:30
мага аябай жактты сонун тартылган коро албагандар суйлой берсин эн мыкты клип болгон,Клип тартыш деле оной эмес сындап суйлош эн оной,Назира эже сиз алгалай бериниз Итер уро берсин кербендер журо берсин,Дагы Жакшы Клиптерди Кутобуз,Алга Алга
0
aitenir
2014-09-18 18:54:50
Назике баракелде! Унун очпосун
0
Nuura
2017-01-25 15:01:01
Мен клиптен эч кандай озгочулукторду коргон жокмун .Алты айда тартылган клиптей эмесго.Эмнеси болсо да ишине ийгилик каалайбыз!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан