Тима Мукашев Арман

Жүктөлгөн: 24-07-2014
03:45
46 Мб
Жанр: Поп
Тима Мукашев "Арман"
Билсе деп өзүмдү өзүм,
Сезимди сез дей албайм.
Сүйүп мен өзүңдү, сүйкүмдүү көзүңдү,
А бирок тиктей албайм.
Токто деп өзүмдү өзүм,
Токтотуп кармана албайм.
Алса деп гүлүмдү, укса деп үнүмдү,
А бирок жандай албайм.

Кайырма:
Кантейин, кантейин, арман,
Катылып жүрөктө калган.
Балким, мен адашып калганмын ушул бакытымдан.
Кантейин, кантейин, арман,
Каректе бир элес калган.
Аттигиң, албырып күйөмүн сенин жалыныңан.

Чертилип терезеңден,
Жамгырдай келип кетем.
Акырын жашынып, албырып ашыгып,
Арзуумду берип кетем.
А балким, байкагансың,
Жактырып жүргөнүмдү.
Эч кимге билгизбей, эркиме жеңилбей,
Мен сени күткөнүмдү.
Комментарийлер (23)
aziko88
2014-07-25 00:37:34
Уууф дагы кайсы ырчы ун болсо олойун.
+8
bossmos7
2014-07-25 01:19:43
Э унду жакшы конуктуруп чыкбаптыр???! Же кун ысык болгон!Же .............................)
+4
omel9
2014-07-25 03:41:51
Ильяз менен кайрат нуртастын арман атту ырына жетпейт эх Чиркин эч кимде арман болбосун
0
Nursssss
2014-07-25 04:12:11
Баягы козуно ок тийген балабы бул???
0
Compact
2014-07-25 10:17:12
Nursssss, ооба, ошол бала:
http://www.super.kg/media/stv/107085/
Кап...
0
Umka220190
2014-07-25 10:15:53
Темирлан азаматсың! Ийгилик!
0
syma
2014-07-25 11:24:03
ушуга окшогон женил желпи ырчылар кобойду!!!! уну деле алтын унго татыкуу эмес менин ойумча....
+2
burulu
2014-07-25 11:24:53
100
0
rnurzida
2014-07-25 14:24:12
Голосу жакшы экен. Жакты. Азамат. Ийгилик Темирлан. Дагы коптогон жакшы чыгармаларды кутобуз. Алга.
0
Samat.A.A
2014-07-25 17:59:06
Жакында артистен үй салабызго дейм)))) Бекчорого тим эле очкисин чечбей)
0
Elya20
2014-07-26 00:49:57
Samat.A.A, козуно ок тийген да эми кантсин?
0
91mele
2014-07-25 20:04:27
Эмне деп эле тантырап койгон. Мааниси жок ыр экен.
+1
merez_jurok
2014-07-28 12:29:39
Ыр менен ооруп калдым. Кайра кайра уккандан тажабай. Клип гана кызыксыз. Уну мыкты экен!
0
dastan_nookat
2014-08-19 13:19:40
"Текст" кошуп койсонуздар!
0
dinooou
2014-08-20 00:06:45
Оомоооой Дони,Таке,Жама,Макус,Шеха азаматсыңар,суу болуп сонун клип тартыпсыңар!
0
Aselim
2015-01-12 11:36:11
Коз айнекте чагылышкан ак майкачан киши ким? ха-ха го озунчо эле, боорум каткыча кулдурду бул клип))))))))) шапкеси да ак экен, байкадынарбы)))) Алыбек алына жараша деген ушул хааааахаааа армандан баштаган арман менен бутот окшойт))))))))
0
Шаиста Шатманова
2015-01-21 13:30:20
Кызыктуу ыр, жигиттин үнү уккулуктуу экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан