Жаныш Кочкоров Сагындырба

Жүктөлгөн: 30-07-2014
03:14
40.54 Мб
Жаныш Кочкоров "Сагындырба"
Сөзү : Т. Эргешовдуку
Обону : Ж. Кочкоровдуку
Сагындырба, сагынбайын,
Сени күтүп зарыгамын.
Сүрдөтпөчү, сүрдөбөйүн,
Карегиңден кагылайын.

Ошол күндү эстедиңби?
Жүрөгүмдү эзбедиңби?
Көрбөй калсам сагынчу элем,
Карагаттай көздөрүңдү.

Жолукканда тайсалдайсың,
Сырымды мен айта албаймын.
Сүрдөтпөчү, сүрдөбөйүн,
Маралдайым, аркардайым.

Балбылдашың мага карап,
Өткөн күндү эске салат.
Байкатпастан келсең боло,
Атаганат, атаганат.
Комментарийлер (5)
dastan_nookat
2014-07-30 18:08:59
Ушул акенин "Женеме" ырын жуктоп берсениздер! сураныч
+1
Ermek010292
2014-08-01 03:22:29
Эч качан каарыбаныз жаш бойдон журоберин
+1
omurbek.rahmstov56
2014-08-04 07:34:31
Ырыныз кандай керемет, талантына таазим, коп жашаныз,ЖАКЕ!!!
+1
ASKARBEK.kg
2014-08-06 12:57:49
Кээ бир жаны ырчылардан мин эсе жакшы
+1
aiza.kyrgyzkyz
2014-12-16 00:03:13
Ырды уксан эс аласын тим эле, жакшы эн жакшы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан