Нуркыз Кожонова Досторго

Жүктөлгөн: 08-08-2014
03:07
43.3 Мб
Нуркыз Кожонова "Досторго"
Элестетип күндөр, бирге жүргөн түндөр,
Куса болуп эске алам бүгүн.
Каздар учкан көлдөр, кереметтүү жерлер,
Өзгөрбөптүр баарын көргөнмүн.

Кайырма:
Биз асманга карап, жылдыздарды санап,
Жүрчү элек го алыс күндөрдү самап,
Бара берем деймин, алыс болсо мейли,
Аман жүрсүн досторум деймин.

Көп ойлоном күндө, уктай албай түндө,
Бакыт-дөөлөт баары болсо дейм.
Элге кубат досу, эмгек-өмүр тоосу,
Кыйындыктан коркпоюн дейм.

Кайырма:

Кулпурсачы талаа, кулпурсачы калаа,
Гүл бакчада куштар сайрасын.
Эңсеп айткан тилек, сезимдер да түнүк,
Армандардан көңүл калбасын.

Кайырма:

Көктөмдө күнүм деп, cагындым бүгүн деп,
Жаштыкта жолугуп жыргал сүрөлү.
Бар өмүрүм менин белек кылса мейли,
Аман жүрсүн досторум деймин.
Комментарийлер (30)
femida86
2014-08-08 21:31:38
Ун жок. Жанара мыкты ырдаган. Дикциясы да жакшы эмес
+2
kunduz0702
2014-08-08 23:15:35
Soonun baary yny dele jakshy alga
-2
Aselya_9105
2014-08-09 01:02:46
ыр жакшы 5. ушундай эле клипти башка бир ырчыдан коргондой болуп жатам.....
-1
Aipri
2014-08-09 09:48:40
Ыр жакшы. Нуркыздын "кыялымда" деген ырынын клибине караганда бул клиби жакшы болуптур. Эми бир жакшы ырлардан жаратсан жакшы болмок. Бул кыздын уну бар, башка ырчыларга караганда. Ийгилик.
0
nurba7
2014-08-09 15:40:46
саламатсыздарбы Майра Керим кызынын "Жылан аяк" деген ырын жуктоп же болбосо шилтеме берип койсонор.
0
guliz996
2014-08-09 20:19:28
кок жотол деген ырды ким ырдайт жвзып койунуздарчы=)

0
meninmekenim
2014-08-10 00:11:16
guliz996, интернеттен кок жотел деп издесениз казакчасы клиби менен чыгат оригиналы
0
admin_superstan
2014-08-10 00:24:23
guliz996, Саламатсызбы!
http://www.super.kg/media/useraudio/124099/
0
aziko88
2014-08-10 02:51:27
Уну жетпей менин журогум сыгылып кетти,мурунку ыр сонун болчу.бир нерсе жетишпейт.
+2
Aziza.Kas
2014-08-10 14:19:05
Клиптин алдында коюлган реклама тажатты же бат ачылбайт!!!
+1
osor
2014-08-10 20:35:34
Саламатсызбы Админ Нурлан Насиптин секетим аттуу ырын таап бериниздерчи сураныч.
-1
admin_superstan
2014-08-10 22:32:07
osor, Саламатсызбы!
Аракет кылабыз.
0
Guli.K.E.
2014-08-12 11:19:03
Ушул жерден башка жер жокпу не клип тарканга?
анча эмес жаккан жок.
0
ayakosya
2014-08-14 08:56:32
Ун жок же стил жок же сюжет жок не дээримди билбей калдым.
0
elvira1980
2014-08-21 23:19:50
Ун бар стил бар баары жакшы жакпаса корбогуло!
0
sambo
2014-10-16 12:22:09
Мыкты ыр,соонун клип азаматсын Нуркыз чыгармачылык ийгилик!!!Сынчынын сынар отугу майрык коро албагандар жаза беришет!!!Ушундай темп менен иштей бер!!!
0
Desmond
2014-11-04 00:36:02
Эмне каап кара болуп калышкан???
0
dastan_nookat
2014-11-06 23:47:20
"Сонун клип мага аябай жакты ийгилик сизге"
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан