Назми Классташтар

Жүктөлгөн: 13-08-2014
03:48
48.58 Мб
Назми "Классташтар"
Эски гитар колдо муңканып,
Ээн көчөдө ырдайм үн салып.
Окуучулук күндөрүмдү,
Эске салып жүрөм күндө,
Көөдөнүмө батпай кусалык

Кайырма:
Токтоп турчу мезгил талпынбай,
Өтөсүңбү моокум кандырбай.
Жаңы-жаңы үмүт менен,
Издеп, таппай күтүп келем.
Классташтар кайда алтындай?

Алыс болду бекем аралык,
Жакын болсо жетип баралык.
Тагдыр өзү кошсо керек,
Кандай сонун достор элек,
Мына минтип чилдей тарадык.

Кайырма:

Күтүүдөгү күндөр өтөт жай.
Мейли өмүрлөр өтсүн узактай.
Кош айтышпай калган элек,
Жолугабыз анда демек,
Бирок, бирок дале кош айтпай

Кайырма:
Комментарийлер (12)
aibek92
2014-08-13 15:22:38
менда сагындым окуу кундорду
0
nazima_89
2014-08-13 16:01:38
эхх отконду эске салды
+1
Almazbek79
2014-08-13 16:08:21
НАЗМИ эже Ырга +5 Клипке -2 олтуруңуз))) Пока норм клип тармайынча күзгү сыноого калдыңыз )))
-1
alai81
2014-08-13 16:34:38
Бул ыр кичине кайгылуу ырдалчу эле.кичине шандуурак кылып ырдаптыр азамат.бирок клип анча эмес.
0
welldone
2014-08-13 19:17:12
клипти кызыктуу болот деп кутуп жатакам эмнеси болсода ийгилик
0
ayakosya
2014-08-13 21:55:39
Клиптеги окуучу кыздар жакты охх
0
furkat80
2014-08-14 10:17:29
ыры деле бир сапты кайра кайра кайталап ырдаптыр. клипи да суз.
0
Jeki
2014-08-14 11:06:10
Клип жалпысынан жакшы болуптур. Ырчы дагы жакшы ырдаган. Болгону классташтар ж-до кобуроок кадр тартса болмок. Кечке суу менен аткылаша беришиптир :))))
+1
gooool
2014-08-14 17:22:38
Назми эже озу жагат....
0
Oi_pikir
2014-08-18 11:00:09
Назми сулууу болуп кетиптир. Окуучу балдар азаматтар, сонун ачып беришиптир образды. Жасалмалуулук байкалган жок.
0
aguni
2014-08-20 14:04:35
Классташтарымды, окуп жургон кезди эстеп кеттим. Соонун болуптур!
0
aikol87
2014-08-23 17:33:51
Сонун болуптур. Назми эже жакшынакай болуп кетиптир.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан