Султан Садыралиев Кыргыз бийи

Жүктөлгөн: 13-08-2014
04:10
60.26 Мб
Жанр: Поп
Султан Садыралиев "Кыргыз бийи"
Сөзү : К. Урманбетовдуку
Обону : М. Ниязов, А. Отунчиевдики
Кыймыл менен сүйлөгөн,
Кыргыз бийин үйрөнөм.
Кызыталы өмүрдү,
Кыз-жигиттер, бий менен.
Кызыкты бул таппайсыӊ,
Кыдырсаӊ да дүйнөдөн.

Кайырма:
Атпай кыргыз бийлесин,
Аруулантып дүйнөсүн.
Жеӊил болгун булуттай,
Жерге бутуӊ тийбесин.
Байкап турган адамдар,
Бали, кыргыз бий десин!

Куштай канат кагалы,
Учпай кантип калалы.
Бийге баарын чакырып,
Бир кумардан каналы.
Жаркын күнгө теӊелсин,
Жаштыгыӊдын жамалы.

Кайырма:

Жүрөгүӊү тыбырат,
Жүлүнүӊдү кыбырат.
Дем кошулсун демиӊе,
Дене боюӊ чымырап.
Мелтиребей жарышкын,
Мезгил менен зымырап.

Кайырма:

Эргүү мындай болобу,
Эриккеним жоголду.
Эриш-аркак бийлесек,
Эл көӊүлү толорбу.
Тоӊуп калган бир кезде,
Толкуталы тоолорду.

Жалпы кыргыз ырдасын,
Жаратылыш тыӊдасын.
Жаркылдаган жылдыз бий,
Жашообузду нурдасын.
Ырыс болуп кыргыз бий,
Ынтымакты чыӊдасын.

Кайырма:
Комментарийлер (206)
Elika
2014-10-18 02:05:57
Супер соз жок!
0
ermek_90kg
2014-10-23 19:04:41
Султан Садыралиевтин Карындаш деген ырын жуктоп коесузбу комуз менен ырдаган алдын алай сиздерге рахмат !!!
0
admin_media
2014-10-24 10:55:03
ermek_90kg,
Саламатсызбы! Шилтеме: http://www.super.kg/media/audio/99609/
0
aika_sv
2014-11-14 14:49:42
Кара Жорго жакшы ыр, бирок ошол ырга татыктуу клип тарта алышпай койду. Бир эмес эки клип тартты, клипти коруп " ай ата ушул ырга сонун кылып тартса болмок " деп калчубуз. Эми мына ошондой клип жаралды. Бул клипти башка улутка коргозгондо да сыймыктануу менен коргозом. Султан Садыралиевдин тажрыйбасы коп да.
+1
altynaiB
2014-11-28 09:23:45
Аай-иий мен эле калыпмынго мактабаган. Чындыгында эн эн сонун ыр клип болуптур. Иштеринерге ийгилик, талантынар ташкындай берсин.
0
altynaiB
2014-12-01 18:19:50
Эмнеге Ыссык-Колду устунон тартпаган Сары-Челектей кылып жайкалтып же мен байкабадымбы. Айтып койгулачы кайсы жеринде тартылган.
0
avazkg
2014-12-09 20:58:23
сонун болуптур
0
kaitpas
2014-12-19 10:44:49
Эң сонун, кыргыздын кооз жерлерин жана ар бир облусун клипке тартыптыр. Азаматсыз Султан Садыралиев чыныгы кыргыз ыры,кыргызча музыка жана кыргыз бийи болуптур.
+2
janarbek
2015-01-29 15:50:58
Арчанын жанында тартылган клиптерге караганда жакшы болуптур.
0
adidas
2015-02-19 01:12:20
Super
0
Hanzada
2015-02-26 21:13:08
молодец соонун клип болуптур
0
Blume_gul
2015-03-02 03:07:23
Abdan sooooonun yr! Mazmunun karachy, BALI! Chrikin, kyrgyzdy yntymakka chakyrgan yr da eken, biy da eken! Ushunday mykty yrlar, biyler dagy da kop jarala bersin!
0
Bakenulukbek
2015-03-27 18:34:30
Клип деп ушуну айт бирда ырчы мындай клип тартпаган ийгилик алга алга Султан
0
http
2015-03-27 19:06:17
Bakenulukbek, мамилеттен акча болунсо любой эле ырчы сонун клип тартат да, калган ырчылар озунун акчасын коротуп деле мыкты клип тартышып жатпайбы. Муну жаман дебейм просто алар менен салыштырганыныз туура эмесго дейм!
0
Bakenulukbek
2015-03-27 19:11:56
http,маселен Ким мыкты клип тартты 7 дубанды кыдырып ушунча бийчилер менен тартат чет мамлекеттен озун реклама жазашып
0
Ayperi94
2015-04-01 12:55:48
Кыргыз жерим кандай гана кооз, кандай керемет жаратылышка ээ экенин даана корсотуп бериптир клипте. Соз жок эн сонун!!!
0
dastan_nookat
2015-04-16 09:30:48
Супер Молодес Султан!
0
Adi.Avazbekov
2016-05-30 19:16:53
Uwul yrdy ukkanda denem titirep ketet negedir
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан