Асема Онтоосу ичте жүрөктүн

Жүктөлгөн: 18-08-2014
04:24
52.09 Мб
Жанр: Поп
Асема "Онтоосу ичте жүрөктүн"
"Көк жал" кинотасмасына саундтрек
Аялуу көңүл арзыган жандан муздады,
Күтүүнүн эми бар деймин кимге кереги?
Кеч күүгүм эле, жан кейип турар кысталып,
Тыйынга турбай калгансыйт дүйнө кереги.
Түн кирет, анан кареги мага кадалат,
Өзүмө окшоп көңүлдөн жарык издеген.
Жылдызым түшүп, бук болдум ызам тарабай,
Туш болдум кайдан сезимге жаным түтпөгөн.

Кайырма:
Оорубайт денем, онтоосу ичте жүрөктүн,
Ден-дароо болуп бир чекти тиктеп отурам.
Айлампа турмуш ичтеги букту бийлеткин,
Эртеңки күнүм кандайын билбей чочулайм.

Ордумдан жылбайм асманда жылдыз толгондо,
Көшөрөт сезим эрегиш таштап күчүнө.
Булуттай көчөт үмүттүн жиби үзүлбөйт,
Бук болгон кезде киресиң менин түшүмө.

Кайырма:

Ушундай сезим келет да кетет чочуду,
Жылчыксыз болуп калгандай дүйнө караңгы.
Комментарийлер (30)
Qnet
2014-08-20 02:05:59
Мага обону жакты,бирок ырдын маанисине тушунгон жокмун.
+3
maliw
2014-08-20 04:18:48
Soonunn
+3
bema-85
2014-08-20 12:54:12
Ырдын созун так айтып ырдаса болмок тушунуксуз эмне деп ырдаганы.
+3
supeeri
2014-08-20 21:10:25
Уну сонун да,киносу качан чыгат экен ии жаман жакты.
+3
peri-jan
2014-08-21 16:25:50
kino jonundo maalymat berip koygulachy suranych chykkanby je kachan chygat aldyn ala rahmat!yrga kelsek jakshy Asema ozu tatynakay
+3
admin_media
2014-08-21 16:36:10
peri-jan,
Саламатсызбы! Шилтеме менен кириңиз: http://www.super.kg/kabar/news/76983/
+3
mikrop
2014-08-22 02:35:36
menin oyum4a yr en jogorku dengeelde atkarylgan emes. Mimika jester sonun atkarylkan,aktorduk cheberchiligine en jogurkuu baani berdim. Birok bawka ele yrchy yrdap chyksa bolmok. jyrgap uga albadim. Aktrisalik onoru mn ele en sonun obrazdardy jarata berse demek elem. unu jok menim4e. jeke pikirim.
-1
goodman02
2014-08-22 12:52:32
саламатсыздарбы супер инфо, нон-стоп дуэтин ырларын да киргизип койунуздарчы
0
muza_prinsessa
2014-08-22 16:02:48
Жакшы жакшы дагы да ийгилик калаайм
+3
Aipri
2014-08-23 10:30:14
Соонун ыр экен.
+3
djiza92
2014-10-02 21:04:55
кино да ыр да эн жогорку денгелде... мага жакты.
+2
sgorodaenergetikov
2014-12-03 23:31:23
Киносун корбопмун,Клиптин баталышында "Аллах" деген соз менен башталгандан кийин эле каблукчан буту колун корсотуп жолдо ырдап бара жатат!Бул корунучко жалгыз Мен эле тушунбой жатат окшойм.!
-3
Bermet_Kasymova
2015-01-20 16:39:18
Ыйлагым келип кетти. Киносу жакшы окшойт. Асеманын эки бала менен ырдаган "Алдаба сен" деген ырын жуктоп койгулачы
+2
admin_portal
2015-01-20 16:51:51
Bermet_Kasymova, Саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, аракет кылабыз.
+2
Gulmirahon
2015-07-02 22:57:48
мага койногу жакты)))
+2
KG_vip
2015-07-13 11:01:43
Киносу качан чыгат болду экен
+2
dastan_nookat
2015-07-14 23:57:28
Zor sayntrek Asema alga alga !!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан