Ильгиз Абдалиев Көркөмүм

Жүктөлгөн: 22-08-2014
03:18
41.86 Мб
Жанр: Поп
Ильгиз Абдалиев "Көркөмүм"
Сөзү : И.Абдалиевдики
Обону : Д.Кудайбергеновдуку
Көктөмдөй көркүңдү,
Карагат көздөрүңдү,
Гүлдөргө сени теңеймин.
Өзүңдү сагынган соң,
Гүлүң көз карындашым,
Алыстан издеп келемин.
Бар дүнүйөм кулпуруп,
Ашыктык сезим тунук,
Аярым, качан сезесиң?
Ардагым, асыл жаным,
Талаанын кызгалдагын
Бир сага арнап беремин.

Кайырма:
Гүлдөй, гүлдөй, гүлдөй көркөмүм,
Жүрөгүмдө сенин көркөмүң.
Кубанычым, арзууларым сен, сен, сен,
Желбиреткен сезим желегин.

Ак куу сымал айперим,
Таалайым, бактым менин,
Татына наздуу эркемсиң.
Гүл болуп жаңы ачылган,
Күн болуп нур чачылган,
Жайдары сүйкүм перисиң.
Ашыктык деми менен,
Сүйүүмдү арнаймын мен,
Болчу сен түгөйүм менин.
Сагыныч сазы менен,
Ырымды жазып келем,
Өзүңдү эңсей беремин.

Кайырма:
Комментарийлер (29)
nurgultoktogul
2014-08-22 23:08:33
Бул ырды Димаш жакшы ырдаган.Тойго ылайыктап жазып коюптур.Бир укса боло берет.
0
jasi
2014-08-23 09:08:29
Катардагы клиптердин бири. Ырчы мырзага ийгилик. Бийлегени укмуш го )
0
bakit-bosteri
2014-08-23 22:02:09
Салам Илгиз,клип жакты,жакшы болуптур,менин тоюмда ырынды ырдап,мыкты маанай тартуулап кеттин эле, мен да сага жакшылык кылып бир ырына клип тартканга жардам берейин э,Ысык-Колдон (скутер, банан,параход, горка,карусель, парашют) Колдун кооз жэерлерин бекер кылып берейин.Чыгармачыл ийгиликтерди каалайм,жаны жакшы чыгарма жарата бер деп Ысык-Колдон байкен Бакыт.
0
hanzada_samatova
2014-08-23 23:16:52
эми эмне дээрди да билбейсин, мумкун жаш, аракет, жаны талант, бирок итибай, битибай дегендер абдан коп бизде азырынча ошолордун катарында
+1
aibek0001
2014-08-24 00:21:51
окшош клиптердин катары.
0
egemberdievagulbara
2014-08-24 01:53:21
Вопще тааныбайм азыркы ырчыларды.бир еле пайда болуп кайра еле жоголуп кетет
+1
Azyk
2014-08-24 18:37:25
Илгиз иним сага чыгармачылык ийгилик каалайм, талантын ташкындай берсин. Биздин айылдын кадыр баркын которуп журо бер, Кыргыз элинин сыймыгы бол!!!
0
Musio
2014-10-01 20:07:47
Azyk, Талант болсо Димаштын ырын уурдабаи озу изденип жазат_ наоборот казактар биздин обонго суктанышы керек!!
-1
Nazi_18
2014-08-25 10:13:19
Атылып кетипсин реально халтура. Димаштын ыры озуно гана жарашат сен ырдабай, уурдабай эле койсон болмок)))
+1
M89
2014-08-25 13:55:45
Олуп кетейин озгочолук такыр жок. Бир чыкканга эле тартылган клиптердин катарында экен. Жаны чыкканга жараша жаны стиль менен чыкса болмок экен. Эми аны озун билесин да.
+1
burulu
2014-08-25 16:15:14
55555
0
kaiurka
2014-08-25 18:06:46
орто
0
Zair_Alimov
2014-08-26 04:58:46
Эмии кому как дегендей.. Илгиз брат арекет кылып жатасын, молодец. Оркундоп ОСО бер, мындан дагы жакшы клиптерди тартьыра бер, кудайым ОЗУ колдосун. Бар более, бай бол. . . деп котормологонду билбейбиз ушул кыргыздар качан? Адам болобуз? Эми жанып келе жаткан шамды уйлоп очуруп салабыз, кайра улуулаткандын ордуна! Эхх!..
0
Esenturov
2014-09-02 17:37:02
жакшы жакшы бирок бул ыр Казактарда 1-2 жыл мурун чыккан эле Димаш Кудайбергенов - Кормемим деген ыр!!!
0
nurti_cr7
2014-09-29 15:17:43
сонун чыгыптыр молодец
0
Musio
2014-10-01 20:06:20
Димаштын обонун албаи кичине аракет кылып озу изденип жазбаибы _ Уят ушундай ырчыларга .
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан