Мирбек Атабеков Барам сага

Жүктөлгөн: 01-09-2014
03:41
46.06 Мб
Жанр: Поп
Мирбек Атабеков "Барам сага"
Сөзү : Алмаш Чойбекова
Обону : Кадыралы Артыков
Мөлтүрөп бүлдүркөндөр бышкан кезде,
Асманга бүркүт шаңшып учкан кезде.
Cаамайларын cеңселткен ак кайыңдар,
Самашып сагынычымды,
Самашып сагынычымды уккан кезде,
Барам сага.

Шоолалар кирпигиңди өпкөн кезде,
Ак жамгыр нөшөрлөтө төккөн кезде.
Кубарып кусалыктан ак жүзүбүз,
Көп күндөр арабыздан,
Көп күндөр арабыздан өткөн кезде,
Барам сага.

Ширесин карагаттар чачкан кезде,
Ажарын жоогазындар ачкан кезде.
Кучактап бейкутчулук түн коюнун,
Күн нуру уясына,
Күн нуру уясына баткан кезде,
Барам сага.

Гүлдөргө аарыларың конгон кезде,
Бал чөбүн Ой-Алманын соргон кезде.
Алгачкы биз жолуккан кечтегидей,
Алтын ай асмандагы,
Алтын ай асмандагы толгон кезде,
Барам сага, барам сага.
Комментарийлер (51)
КОЛЮЧКА
2014-09-05 13:30:44
Мирбектин чыгармачылыгы коп жакчу эмес, менин табитимдегидей эмес. Озу го, соз жок таланттуу... Бирок, многу ыры менен клиби бири-бирине айкалышып, озгочо болуптур. Жакты!
0
ayaza
2014-09-05 19:46:19
Ушул кыз менен сонун пара болуп калат экен!!!
0
Alai.kyzy
2014-09-06 15:29:14
Бул клипте Мирбек берилип ырдабаптыр. Уйкусурагансып. Ыр мага жагат. Клип озгочо эмес. Катардагы клип. Продюсери жакшы идея издесе болмок клип тартаарда.
0
Aipri
2014-09-06 17:06:02
Соонун ыр. Мирбек бул ыр радиолордон кетип популярдуу болуп турган кезде эле клип тарттырсан болмок.
0
mikasik
2014-09-08 11:09:21
Айжана красотка,а ырга 4.
0
timur1995
2014-09-11 01:19:16
Кантсе деле Атабеков да
0
aman.kalbaev
2014-09-13 17:28:35
moladex
0
L0T0S
2014-09-15 01:29:02
Жонокой бирок корктуу клип!+10 Ырды жеткире ырдаптыр Азамат !!!
0
aiza.kyrgyzkyz
2014-09-16 04:00:06
Бул ырды атам майын чыгарып ырдайт болчу илгери, (только мас болгондо))) жакшы ыр, Мирбек сен да майын чыгарыпсын, Молодец)))
0
Oceana
2014-09-17 12:51:52
Men oorup jurom uwul yr m.n.
0
miss2014
2014-09-22 15:07:34
Мага да жакты ,телефонума жуктоп алдым, кайра кайрв угуп тажабай угуп жатам,баары жайын да ыр да клип да +5.
0
Baichechekei2011
2014-11-13 20:38:45
Kymbattuu superinfo portalynyn admini sizderden suranychym Мирбек Атабеков menen Шахзода´nyn "Эки жүрөк" degen yrynyn audio variantyn juktop kojosuzdraby bul jakka? Aldyn ala rahmat!
0
admin_media
2014-11-14 10:34:09
Baichechekei2011,
Саламатсызбы! Сиз сурап жаткан ыр биздин порталда бар, шилтеме: http://www.super.kg/media/useraudio/104343/
0
eldiyarmacho
2014-12-06 16:15:43
ыр мыкты чыккан ырды укканда көздөн жаштар мөлтүлдөйткө чиркин
0
dominic_toretto
2014-12-27 12:41:50
Эң сонун клип.Клиптин бере турган маанисин көпчүлүгүң түшүнбөпсүңөр.Мага өзгөчө кыз жакты.Жакмак турсун ким бирөөнү эстетип жиберди.Ошол көздөр,ошол тиктөөлөр...
0
etaj_rus79
2015-04-08 19:08:00
клипп жакшы ойлонгон
0
adidas
2015-04-12 22:08:39
сонун ыр уккандан тажабайсын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан