Жеңишбек Айтиев Мурат менен Зымырат

Жүктөлгөн: 01-09-2014
03:14
40.66 Мб
Жеңишбек Айтиев "Мурат менен Зымырат"
Сөзү : Б.Борбиевдики
Обону : Б.Борбиевдики
Мурат менен Зымырат экөө коңшу турушат,
Бала кезден чогуу өсүп, экөө бирге окушат.
Зымыратка Гүлмурат күндө келип гүл сунат,
"Азыр эрте, кой" дешип ата-энелер урушат.

Мезгил учат зымырап,
Мурат менен Зымырат
Мектеп окуп, аяктап,
Бой жетилип калышат.

Окуу жайга жогорку алар бирге барышат,
Бүтүп келип беш жылда чогуу иштеп калышат.
Зымыратка Гүлмурат күндө келип гүл сунат,
"Үйлөнгүлө, болду" деп ата-энелер урушат.

Мезгил учат зымырап,
Мурат менен Зымырат
30 жаштан ашса да,
Үйлөнүүгө шашылбайт.

Көп иштешет, тынышпайт, эл кылганды кылышат.
Көр оокат деп жүрүшүп, элүү жашка чыгышат.
Зымыратка Гүлмурат күндө келип гүл сунат,
Туугандары "болду" деп, үйлөндүрүп салышат.

Мезгил учат зымырап,
Мурат менен Зымырат
Алтымыштан ашканда
Бир балалуу болушат.

Өмүр учат зымырап,
Улам бизди карытат.
Бойдок болуп карыбай,
Үйлөнөлү батыраак.
Комментарийлер (28)
elamannn
2014-09-01 22:11:01
ха ха мурат менен зымырат кантет? норм тартса болмок!!!
0
kuba.86
2014-09-04 10:43:04
elamannn, ото начаар,ххх ххх,такыр жакпайт ушул ырчы,Ошко концерт коеп келип алыптыр,
-1
admin_media
2014-09-04 11:02:48
kuba.86,
1. Жогоруда берилген эскертүүгө көңүл бөлбөстөн кайра эреже бузгандыгыңыз үчүн.
2. Эскертүү сызыгыңыз толгондугуна байлныштуу түбөлүк банга!
0
moviemaker4
2014-09-01 23:47:30
eptemei bez obid
-1
daniyar.
2014-09-02 00:47:41
Бул Бектин байкебиздин убагыгында дордойдо касетасы бир жыл жанырган ыры ээски койдун косундой болуп жакшы угулат экен, бирок ушу жигиттин бир скромный ырдаган ыры жокпу?
+1
mega.argen
2014-09-02 02:11:05
Жениш аке куудул адам куудул адам кандай ырдаш керек анан же оштук деп болгонунорбу алга Жениш аке оштуктар дайым сиз менен
+1
shirin27
2014-09-02 11:57:07
bul bek borbievtin ele iri ilgerki,
komediya siyaktuu boluptur, birok kizdin orduna erkekti tartkani jakpadi, emi I tak kizdekeler koboyup jatkanda, minday nerseni propagandalabay ele koyushsa bolmok,
anin ustuno shariatta da bolboyt erkek kizdin kiyimin kiygengeda, eger kaalasanar mechitterden barip fatfa surasanar dale bolot, bul da bolso aram nerse.
0
Arti
2014-09-02 13:48:07
Ой Жеңишбек Айтиев өмүрүн зымырап өтүп жатканда мындай ырларды токтотуп, мааниси бар обондуу ырларды аткарсан болобу? Ансызда өмүр кыска. Анан ушул ырды угуп, клипти көрүп чонойгон балдар кандай тарбия алат? Ооба бул клип тамашалуу экен деп кабыл алдым. Ошондо дагы башка клиптеринизди айтып жатам.Элдин батасын ала турган ыр, клиптерди тартыныз!
+1
mikinookat
2014-09-02 16:11:11
жениш ака озунуз айткандай "ала жааат" болуптурго,,,
0
ayakosya
2014-09-03 12:55:17
" Атан барбы апан барбы" деген ыры жакшы буга караганда
0
Gulzhan
2014-09-05 15:44:06
класс
0
aibek_akmataliev
2014-09-05 20:06:31
вууу начаар.даже толук коргум келбей койдуу
0
nucu
2014-09-10 21:09:37
Эн соонун эле чыгыптыр баары
0
nurbek0404
2014-10-28 19:05:56
айтмакчы бектин ыры
соонун чыгыптыр ийгилик
0
kg.erik
2014-11-14 20:32:44
Жениш аке кийинки ырынызды марат менен самат деп чыгарынызчы ее
0
Maite
2014-11-15 15:24:45
ХХХ ХХХ Биз Женишти кантип сыйлап угабыз.Негизи колубуздан бироону сындаган аябай жакшы келет.Озубуз ырдап клип тартып эл аллына чыга албагандан ХХХ ХХХ жон угуп кое бергиле.
0
admin_media
2014-11-17 10:58:50
Maite,
Эскертүү! Ар бир колдонуучу эреженин талабына ылайык өз ой-пикирин жазып калтырууга укугу бар! Башка колдонуучулардын өздүгүнө асылбай билдирүү жазыңыз!
0
bakiz
2014-11-28 17:50:14
зынк да.бойдоктор уккула
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан