Марат Ибраев Чолпон болсоң...

Жүктөлгөн: 04-09-2014
03:41
45.57 Мб
Марат Ибраев "Чолпон болсоң..."
Сөзү : К.Жуманазаровдуку
Обону : У.Сыдыковдуку
Жатам ойлуу жалгыз өзүм камыгып,
Өткөн күндөр көз алдымдан агылып.
Мүмкүн, азыр мени ойлоп сен дагы,
Жаткандырсың ай шооласын жамынып.

Бетти сылап өтүп кеткен жай жели,
Эркелетип сүйгөн чыгар ал сени.
Сени карап күлүңдөгөн чолпон да,
Күлөт сырга түшүнгөндөй мендеги.

Чолпон болсоң сенин кайда жүргөнүң,
Мага даана болбойт беле, сүйгөнүм.
Дайым кечте уйку алдында жылмайып,
Жанга кубат болбойт беле суйгөнүң.
Комментарийлер (3)
mikasik
2014-09-08 10:56:50
Кыз татынакай, ыр жакшы экен.
0
deva
2014-09-08 11:03:24
Марат агайдын үнү сонун да! Сахнага эрте аттанганыңызда бул үнүңүз менен дүйнөнү эбак багындырмаксыз.
0
Aizek02
2015-08-18 22:25:31
Бизге абдан жагат слушаем с удовольствием
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан