Gulzada, Гүлжигит Калыков Жалын бий

Жүктөлгөн: 17-09-2014
03:01
42.43 Мб
Gulzada , Гүлжигит Калыков "Жалын бий"
Сөзү : Кыялбек Урманбетовдуку
Обону : Кубандык Жаасын уулу
Байыркыдан жалын бий,
Бактыбызга жанган бий.
Башат алып кыргыздан,
Бардыгына майрам бий.
Өргө чапкан жалын жаш,
Өтүп кетсе таңылбас.
Эр жигитке шайма-шай,
Эргип бийле, карындаш.

Кайырма:
Шумкар канат каккандай,
Учуп бара жаткандай.
Талпыналы жарышка,
Тайторуну чапкандай.
Кандай адам тим турат,
Талбай жүрөк булкунат.
Жалпы тегиз бийлесек,
Жалындасын ынтымак.

Күүгө келип тилектен,
Күйүп-жанып күн өткөн.
Жаның барда өчүрбө,
Жалыныңды жүрөктөн.
Шарапаттуу дүйнөдөй,
Шаңга кошул сүрдөбөй.
Кантип чыдап турасың,
Карап четте бийлебей.

Кайырма:

Жарк эткендей чагылган,
Жаралган бий жалындан.
Шат өмүргө жарык бол,
Шам чырактай жагылган.
Күлкү менен жашарып,
Күн балдары аталып.
Бийлеп кары-жашыбыз,
Бир кумарга баталык.

Кайырма:
Комментарийлер (51)
Акжол
2014-09-21 15:45:46
en mykty nakta kyrgyz bii
+2
jolbors8989
2014-09-21 18:21:55
super
+2
tima-27
2014-09-21 19:19:31
Супер
+2
jazy
2014-09-21 21:07:01
супер эн сонун ырда клипда соз жоок азаматсынар нукура кыргыздын ыры клиби болуптур чыгармачылык ийгилик нукура кыргыздын ырчылары дагыда коптогон чыгармаларды кутуп калабыз
+2
Tilek_tegin
2014-09-22 14:41:51
азаматсынар!!! эн сонун болуптур!!!
+2
gooool
2014-09-23 17:59:34
Бийчи кыздар мынча сулуууууууу,шилкей агып кеттиго,.....
+2
Guli.K.E.
2015-05-05 12:30:00
gooool,
"Ажар" бийчилер тобу)))
0
Aipri
2014-09-23 18:28:54
Гулжигит тим эле соонун бийлептир.
+2
Saikalushka
2014-09-24 12:59:47
Жарк эткендей чагылган,
Жаралган бий жалындан.
шайтан жалындан жаралган...
-2
aminali
2014-09-26 05:12:33
Jakshy.
0
Elnuram090
2014-10-17 21:24:21
эн сонун ыр эн сонун бий эн сонун бийчилер тимеле баары сонун эн мыкты чыгарма мен коргон кыргыз чыгармаларынан азаматсынар
+1
vipinter95
2014-10-24 03:21:23
Гүлзада аяш энем.гүлжигит аяш акем болот булар мн сыймыктанам эң сонун клип ыр да сонун
+1
Ilays
2015-02-14 15:06:09
уккан сайын денеге дем берип атат, сонун...
0
Aksy-13
2015-02-23 14:10:25
админ силерден ото чоооон сураныч Гулзаданын жаны жылда ырдаган даны ырын таап бергилечи Тургуналы Жусуп мамай анан манасчы болуп чогу сонун ырды аткарышпады беле бир кечеде ошону таап бериниздерчи ото чон сураныч, жооп кутом.
0
admin_media
2015-02-23 18:06:49
Aksy-13, саламатсызбы! Жакынкы арада жүктөп коюуга аракет кылабыз.
0
dastan_nookat
2015-08-18 21:51:34
Жакшы
0
Kyialkech
2016-09-10 12:42:22
Жогорку денгээлдеги клип! Алга!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан