Самара Каримова Сагынганда атамды

Жүктөлгөн: 26-09-2014
05:06
48.31 Мб
Самара Каримова "Сагынганда атамды"
Сөзү : А.Өмүркановдуку
Обону : Э.Талиповдуку
Айылыма барарымда аптыгып,
Атамды ойлоп көздөрүмдөн жаш чыгып,
Балбалактайм бар-жогумду унутуп,
Балалыгым келүүчүдөй бастырып.

Кайырма:
Алыңды айтып алыс жактан жел келет,
Көптөн берки көңүл бугун жазамбы?
Көздөрүнөн өпкүм келет эркелеп,
Мен алыстан сагынганда атамды.
Көздөрүнөн өпкүм келет эркелеп,
Сагындым, эй, сагындым, эй, атамды.

Башыңдан күн, аягыңдан ай туулуп,
Турчу, ата, аппак таңдай кулпуруп.
Жерге бутум жетпей учуп баратат,
Аска чапчып аккан суудай жулкунуп.

Кайырма:

Бактан булбул, кырдан таңшып улары,
Баягыдай күнүң батып, чыгабы?
Карегинен каруу-күчүн алдырбай
Карааны тоо атам күүлүү турабы?

Кайырма:
Комментарийлер (70)
Kyzylsenir
2014-10-21 03:08:56
Мыкты клип екен
0
Aipri
2014-10-25 19:06:30
Уну клип соонун.
0
rock-oma
2014-11-03 17:20:45
Рахмат!
0
Bermet_Kasymova
2014-11-27 15:29:08
Аябай таасирдуу клип экен. Жакшы актриса экен
0
kalbek87
2014-12-12 21:28:37
Ырга соз жок, Самаранын уну да жакшы мен сыйлайм бирок, клип жакпады, ырдын маанисине туура келбей калган. Самара сен кандай гана чыгарма болбосун жеткире ырдайсын, клипке да конул буруп кой дейт элем.
-2
leyli00
2014-12-18 09:40:22
Азамат!!!!
0
kumushai-kg
2015-01-04 13:17:41
Айылыма барарымда аптыгып,
Атамды ойлоп көздөрүмдөн жаш чыгып,
Балбалактайм бар-жогумду унутуп,
Балалыгым келүүчүдөй бастырып.ен жакшы супер соз жок ийгилик калаймын!
0
juroguak
2015-01-18 19:12:10
Myrza.kg коздоруну опкум келди. Деп жатат бул туура эле. Коздорунон опкум келди деп ал башка бир адамга айтса ошондой кылып айтат. Жазат десе жаза бербей окуп тушунуп анан жазсан.
0
Саби
2016-06-30 12:51:29
juroguak Myrza ХХХ ХХХ Кайсыл жерде коздоруну деген соз колдонуп жазылаганын кордунуз эле КОЗДОРУНДу текс туура жазылган Самара уну жакшы болгону менен диалект кобуроок колдонот окшойт.Эл кишиси болгондон кийин туура ырдаш керек.
0
admin_media
2016-06-30 14:36:57
Саби, башка колдонуучуларды кемсинтүүгө тыюу салынат! Порталдын эрежелерин сактаңыз!
0
admin_media
2015-02-03 12:55:28
nurka85,
Саламатсызбы! Катачылыктар дагы эле кайталанып жатабы?
0
nuria.2015
2015-02-28 19:16:09
кыргызстандын эн алдынкы ырчылары деп эсептеп койдум эми чыныгы ырчы чыгыптыр.Самара ылайым атанын омуру узуун болсун.озун да бактылуу бол аябай жакшы ырдайсын.мурда тааныбайт элем.Эми ырларыны коп угам.сенде бар сулуулук эч кимде жок.ийгилик каалайм
0
boyka.kg
2015-03-07 19:34:36
Ништяк 5+++++
0
sezim96
2015-04-26 02:03:28
Мен окуном ата деп эркелеп, ата созун айта албашыма.
0
peki
2015-05-05 10:10:11
Жакшы ыр бирок,клип таакыр эле ырына коошпой калган мен ,келечектеги режисер катары айтып откум келет.акчанды аябай эле, эрнист сыдыковко кайрылсан болмок жакшы тартып бермек экен
0
Ayperi94
2015-07-15 17:42:50
Кыргыз кинилорун коркуно чыгарчудай экен актириса болсо. Клип жакты, ыр анан бетер жакты )))
0
Мэри
2016-06-30 13:15:00
Диалектини колдоно берсин, өз чөйрөсүндө, оозеки кепте, ага каршылык деле жок. Бирок жалпы элге түшүнүктүү болуш үчүн норма, талаптар эске алынып, сакталышы керек. Айрыкча ырчы, диктор, алып баруучулар дикцияга чоң маани берип, сөздөрдү так айтуулары кажет. А бул жерде (текстте) "көздөрүнөн" деген туура экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан