Динара Тилекеева Ал күндөр

Жүктөлгөн: 09-10-2014
04:21
50.34 Мб
Динара Тилекеева "Ал күндөр"
Сөзү : М.Аматовдуку
Обону : А.Тоотаевдики
Гүлзар бак сен экөөбүз пааналаган,
Жаштардын куттуу жайы аралаган.
Жандардын бар экенин кайдан билдим,
Бактылуу болоорумду каалабаган.

Кайырма:
Жараштык катар өскөн кайың болуп,
Келечек беш кол сыңар дайын болуп.
Ак жоолук салынаарым калган эле,
Калаарым түбөлүктүү жарың болуп.

Жандарды артык көрүп канчалаган,
Кызыл гүл сыяктантып калкалагам.
Кырсыктуу жандар барын кайдан билдим,
Кырчындай махабатты талкалаган,
Кырчындай махабатты балталаган.

Кайырма:

Сүйүүбүз нур төгүлүп агар дедим,
Чолпондой багыт берип жанаар дедим,
Арман, ай айрылууга туштуктурган,
Ал күндөр айыкпаган жарам менин.

Кайырма:
Комментарийлер (19)
oooald
2014-10-10 00:58:42
Ырчылар кобойуп кетти бул дагы кайсы ырчы? ыры жакшы экен
0
ernis1984
2014-10-10 14:40:26
бул ырчыны тааныбайт экем, бирок кокурогун ото эле ачып алыптыр.уну жакшы экен.эжеке форманызды алмаштырышыныз к-к экен...
0
doni89
2014-10-13 10:53:57
oooald, Динара Тилекеева деп туратго дагы бул кайсы ырчы дегениңер кызыкго))) жаңы дан чыгып жатса керекда.Эмне болсода ийгилик каалайм
+1
millionaire_kg
2014-10-26 11:02:26
oooald, окуганды билбейсинби? Же мезгилден арта калгансынбы? Анда СУПЕР ИНФО гезитин оку!
0
arzuu1
2014-10-10 01:23:14
Азаматсыз эже сиздин унунуз абдан жагат интернаттан куйорманыныз
0
aziko88
2014-10-10 01:38:39
Уну сонун экен
0
NoraS
2014-10-10 09:32:00
ушул эже клип олллло коп тартат го
0
kutkeldisulu
2014-10-10 14:30:24
кайран шакек ха ха
0
suiuktuujar
2014-10-10 20:25:59
биздин жердеш эжего чыгармачылык ийгилик биз сиз менен сыймыктанабыз
0
akus
2014-10-11 00:38:40
Иштерине ийгилик Динара !
0
dia-omur
2014-10-11 13:48:33
килиптеги кызды таныйм.ийгиик калайм Айкан
0
aizada.ru
2014-10-13 17:42:40
Бул Динара Тилекеева.Жаныдан чыккан ырчы эмес.Биздин Жалабатты ар дайым алдыга суройт.Азаматтсыз.Ийгилик.
0
Kiza
2014-10-15 00:01:22
Келбеттуу бала табылбай калдыбы бул клипке? Жэ баягы эле тааныш билишпи?! А так ыры жакшы экен,создорунун мааниси жакшы.
0
Battu
2014-11-30 01:15:01
Kiza, Жапжакшынакай эле жигит болуп турбайбы!!! Кызык. Озундун келбеттин кандай болду экен?
0
Fute22
2014-10-16 11:18:32
Адамдын баары сулуу. Ар ким озун кузгудон карап корсун.
+1
ymanova9090
2014-10-22 21:49:46
Бул ырчыны кандай тааныбайсынар бул биздин жалалабадтын сузак районунун жашасын айылынын сыймыктуу кызы клиптеги бир тууган иниси алга Динара еже Айбек келбетту еле жигит клипте башкача чыгып калыптыр
0
Aksy-13
2014-10-22 23:47:52
мен бул кызды дайым эле коромго Жалалабаддан, кочодон, базардан, ыры жакшы эле клип да тузук ырчынын кийген кийими менен чачы топ келбей калган чачын жасалгалап туйуп же оруп алса болмок, тигиндей койнок менен жайып алганы болбой калган деп ойлойм. Клипти Эрнет мыкты денгээлде тартан.
0
urmatm
2015-05-30 21:48:45
динара ушул ырындын мп 3 вариантын жуктоп койсон жакшы болмок.Коптон бери издеп таппай келем
0
admin_media
2015-06-01 12:31:16
urmatm, саламатсызбы! Порталда бар, шилтеме: http://www.super.kg/media/audio/122143/
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан